Түрк басма сөзү 26.04.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1818248
Түрк басма сөзү 26.04.2022

"Сабах" гезити "Эрдоган Байденге 1915 - жылдагы окуялар тууралуу каршылык көрсөттү" деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган  АКШнын президенти Жо Байдендин 1915 -  жылдагы окуялар тууралуу айткандарына каршылык көрсөтүп : «Урматтуу Байден армяндар менен болгон тарыхты абдан жакшы билиши керек. Буларды билбестен Түркияга каршы чыгышын  кечире албайбыз»,- дегенин  жазган.

«Хүррийет» гезити «Гутерриш президент Эрдоганга Украина үчүн ыракмат айтты» деп жазып, президент Режеп Таййип Эрдогандын БУУнун баш катчысы Гутерриш менен  сүйлөшкөндүгүн белгилеген. Сүйлөшүүдө Россия  -  Украина согушу каралып, Гутерриш Эрдоганга кылган аракеттери үчүн ыракмат айтты.

«Хабер түрк» гезити «Бразилия Латын Америкадагы эң чоң өнөктөшүбүз» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун расмий сапар менен барган Бразилиянын Түркиянын Латын Америкадагы эң чоң өнөктөшү экендигин белгилеп, ушунун негизинде туризм тармагындагы кызматташууну бекемдөөнү каалашкандарын айтканын маалымдаган.

«Стар гезити»  : «Акар: Чек ара линиясын толугу менен бекитебиз» деп билдирип, улуттук коргоо министри Хулуси Акардын «Чеңгел - Кулпу» операциясында ушул убакка чейин 56 террористтин таасирсиз кылынганын белгилеп : «Операциябыз пландалгандай чоң ийгилик менен уланууда. Операциябыздын ийгиликтүү аякташы менен чек ара линиясын толугу менен бекитебиз. Террорчулар биздин чек арага кире албайт»,- дегенин кабарлаган.

«Йени шафак» гезити «Түркияда оюн базары өсүп баратат» деген макаласында Түркияда  Оюн жана Эспорт агенттигинин менеджери Озан Айдемирдин Gaming in Turkey  тарабынан жарыяланган Түрк Оюн индустриясынын 2021 отчетуна байланыштуу билдирүүсүндө Түркиянын оюн индустриясындагы үлүшү 1 миллиард 200 миллион долларга көбөйгөнүн жана санариптик оюнчу санынын да  42 миллион экендигин айтканын белгилеген.



Тектеш кабарлар