Түрк басма сөзү 28.03.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1802781
Түрк басма сөзү 28.03.2022

«Хабер түрк» гезити: «Орусия-Украина сүйлөшүүлөрү Стамбулда өткөрүлөт» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Орусия менен Украинанын ортосунда ок атышпоо жана тынчтыктын тез арада түзүлүүсү, ошондой эле аймактагы гуманитардык абалдын жакшыртылышы керектигин баса белгилеген Эрдоган, бул процессте Түркиянын ар тараптан салым кошууну уланта турганын белгиледи.

«Сабах» гезити: «Түркиянын тынчтык дипломатиясы дүйнөгө бул китеп менен түшүндүрүлөт» аттуу кабарында президент Эрдогандын Орусия-Украина кризисин токтотуу үчүн жүргүзгөн дипломатиялык сүйлөшүүлөрү китепчеге айланганын жазган. «Түркиянын стабилдүүлүккө кошкон салымы: Тынчтык үчүн көп багыттуу дипломатия» аттуу китепчесинин баш сөзүндө Эрдоган: «Көңүл бурулбаган эң кичинекей көйгөйдүн да кандай кесепеттерге себеп болору бул процессте дагы бир жолу ачыкка чыкты. Бул согуш ошондой эле коопсуздукту жана стабилдүүлүктү коргоо үчүн түзүлгөн эл аралык түзүмдөрдүн натыйжалуу болушу жана чечкиндүү кадамдарга барышы керектигин ортого салды»,-деди.

«Стар» гезити: «Түркиядан союздаштарга ачык билдирүү» деген маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын, тарыхтагы эң маанилүү жана ийгиликтүү альянстын НАТО болгондугу барына белгилүү экенин жана дагы күчтүү альянс болуусу үчүн күчтүү мүчөлөргө муктаждыгы бар экенин белгилеп: «Бирок бүгүнкү күндө союздаштарыбыздын адилетсиз экспорт чектөөлөрү Түркия гана эмес, НАТОго да таасир этүүдө»,-деп айтканын жазган.

«Хүррийет» гезити: «Толкундандыруучу билдирүү, кызылелмага канат тагылды» аттуу кабарында Түркиянын учкучсуз учуучу аппарат өндүрүүчүсү Baykar технологиянын лидери Селчук Байрактар ​​расмий Твиттердеги баракчасынан өндүрүш борбору тууралуу жаңы билдирүүлөрдү жарыялаганын кабарлаган. Кызылелма согуштук учкучсуз учак системасынын (MİUS) жаңы фотосүрөттөрүн да камтыган билдирүүдө, Кызылелманын өнүктүрүү моделине канаттардын тагылганы байкалды. Кызылелма 2023-жылы биринчи учуу сыноосун өткөрөт.

«Йени шафак» гезити: «Анадолудагы урук, өсүмдүк жана жаныбарлардын түрлөрү корголууда» аттуу кабарында Айыл-чарба жана токой чарба министрлигинин Түркиянын биологиялык ар түрдүүлүгүнүн корголушу үчүн тыгыз иш жүргүзүп жатканын билдирген. Министрлик биологиялык ар түрдүүлүктү коргоонун алкагында сакталган үлгүлөрдү биологиясына жараша сактоодо. Ушунун негизинде Анадолудагы урук, өсүмдүк жана жаныбарлардын түрлөрү 32 ген банкында сакталууда. Ген банктарында 318 миң үлгү бар.



Тектеш кабарлар