Түрк басма сөзү 21.03.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1798846
Түрк басма сөзү 21.03.2022

"Ватан" гезити: «Эрдоган НАТОнун саммитине катышат» аттуу кабарында Түркиянын Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтыкты камсыздоо үчүн «шаттл дипломатиясын» тыгыздаштырганын билдирген. Президент Режеп Таййип Эрдоган согуштан кийинки абалды талкулоо үчүн 24-мартта Брюсселдеги НАТОнун саммитине катышат.

«Хүррийет» гезити : «Чавушоглу: Тараптар макулдашууга жакын» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Орусия менен Украинанын ок атышпоого байланыштуу кээ бир конкреттүү темалар боюнча сүйлөшүүлөрүн улантып жаткандарын белгилеп: «Тараптардын негизги темаларда макулдашууга жакын экенин көрүп жатабыз. Жарандар жабыркап жатканда макулдашуу оңой эмес. Ошондой болсо да жылыш бар»,-дегенин жазган.

«Йени Шафак» гезити: «Байрактарга арналган ыр популярдуу болду» аттуу кабарында орус армиясына чоң сокку урган учкучсуз учуучу учактар Байрактар ​​ТБ2лердин украиналыктардын «согуш баатырына» айланганын жазган. Украиналык музыкант Тарас Боровак тарабынан Байрактарга арналып жазылган ыр популярдуу болду.

«Стар» гезити: «Түркиядан тарыхый рекорд» аттуу маалыматында Түркиянын эң чоң рыногу болгон Германияга экспорт рекорддорун улантып жатканын билдирген. Түркиянын Германияга экспорту февраль айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 21,4 пайыздык өсүү менен 1 миллиард 644 миллион 24 миң долларлык рекорддук деңгээлге жетти.

«Сабах» гезити «АКШнын эң престиждүү сыйлыгы бир түрккө берилди» аттуу кабарында АКШдагы атактуу Champion Pizza тармагынын ээси Хаккы Акдениздин өлкөдөгү эң престиждүү сыйлыктардын бири болгон Points of Light сыйлыгын алганын билдирген.



Тектеш кабарлар