Түрк басма сөзү 2.03.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1788146
Түрк басма сөзү 2.03.2022

«Хүррийет» гезити: «Президент Эрдогандын Европа Биримдигине мүчөлүк реакциясы» атуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Косовонун президенти Вйоса Османи-Садриу менен бирге өткөргөн маалымат жыйында, Европа Биримдигинин Украинанын мүчөлүгү үчүн кандай сезимталдыкты көрсөтсө, Түркияга да ошондой сезимталдыкты көрсөтүшү керектигин айтканын билдирген.

«Стар» гезити: «Османи: Түркиянын НАТОдогу ролу абдан маанилүү» аттуу маалыматында кечээ Түркияга расмий сапар менен келген Косовонун президенти Вйоса Османи: «Украинадагы окуяларды көргөндө табигый түрдө Косовонун НАТОго кирүү мезгили келди деп ойлойбуз. Түркиянын НАТОдогу ролу абдан маанилүү, ошондуктан мен президент Эрдоган мырзага бул маселеде да көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет»,- дегенин жазган.

«Сабах» гезити: «Эрдогандан удаама-удаа дипломатиялык сүйлөшүүлөр» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте жана Австриянын президенти Ван дер Беллен менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдаган. Эрдоган сүйлөшүүдө Орусия менен Украинанын ортосунда ок атышпоонун камсыздалышы үчүн аракеттерин улантышарын белгилеп, Украинанын эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө колдоо көрсөтө тургандарын билдиргенин жазган.

«Хабер түрк» гезити: «Министр Хулуси Акардан Монтрё билдирүү» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын: «Монтрёнун корголушунан пайда көрүп жатабыз. Ушул алкакта иш-аракеттерибизди улантуудабыз. Буга чейин кылгандай эле Монтрё кысыгы келишиминин 19, 20 жана 21- беренелерин ишке ашырууну улантабыз»,-деди.

«Ватан» гезити: «Февралда Антальяга келген туристтердин саны 211 пайызга өстү» аттуу кабарында 2022-жылдын февраль айында Антальяга келген туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 211 пайызга өсүп 150 миң 386га жеткенин билдирген. Февраль айында Антальяга эң көп турист 30 миң 969 киши менен Германиядан келди.



Тектеш кабарлар