Түрк басма сөзү 01.03.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1787606
Түрк басма сөзү 01.03.2022

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : глобалдык система кыйрап бартат» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Сирияда 11 -  жылына кирген трагедия, Афганистан, Ирак, Босния, Руанда, Аракан, Ливияда болгон кан  төгүүлөрдөн жана азаптардан дүйнөлүк башкаруу жана коопсуздук системанын  жооптуу экендигин айтканын билдирген. Эрдоган : ««Дүйнө 5тен чоң» жана  «Дагы адилеттүү бир дүйнө мүмкүн» деп айткан  глобалдык башкаруу системасындагы бурмалоо ар бир окуя менен дагы өзүн көрсөтүүдө»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркия аймагында тынчтыкты, бейпилдикте жана амандыкты каалаган өлкө» деп жазып, президент Эрдогандын Түркиянын аймагында тынчтыкты, бейпилдикти, амандыкты каалаган өлкө экендигин,  бул мамилесин Ирак, Сирия, Кавказдар, Кара деңиз, Жер Ортолук деңизден Балкандарга чейин ар бир окуяда көрсөткөнгдүгүн белгилегенин жазган.  Эрдоган : Кара деңиздин түндүгүндөгү кризисте да дос катары көргөн эки мамлекет Украина менен Россияга  араларындагы маселени диалог менен чечүүгө чакырдык»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркия Монтре келишимин ишке ашырууда» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Россия  -  Украина согушу менен бирге күн тартибине келген  Монтре кысыктар келишими жана кысыктардан өтүүлөргө байланыштуу маалыматтарды бергендигин маалымдаган. Чавушоглу : «Биз Монтре конвенциясы тарабынан берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруудабыз. Жээктеш болгон жана болбогон бардык өлкөлөрдү кысыктардан аскердик кемелерин өткөрбөө тууралуу эскерттик. Монтре эмне десе аны аткардык, мындан кийин да ишке ашырабыз»,- деди.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдору Украина жана Молдовага каттамдарын 15 -  мартка чейин токтотту» деп билдирип, Украина аба мейкиндигинин жабылышынан кийин 24 -  февралда Украина жана Молдовага карата каттамдарын токтоткон түрк аба жолдору бул мөөнөттү 15 -  мартка чейин узарткандыгын билдирди. Авиакампания  бул эки өлкөнүн тышында Сочи, Ростов менен Минск каттамдарын да 2 -  мартка чейин токтоткондугун жарыялады.

«Сабах» гезити «10 жылдын ылдам өсүшү» деген маалыматында Түркия 2021 -  жылы 11 пайыз менен акыркы 10 жылдын эң жогорку экономикалык өсүүгө кол койгондугун кабарлаган. Түркия экономикасы өсүүдө акыркы чейректе 9, 1 пайыз менен чоң жыйырмаларда лидер, Экономикалык өсүү жана кызматташуу уюмунда да үчүнчү орунду алды. Өсүүгө эң чоң салымды экспорт кошуп, өнөр жайдын да үлүшү өстү.  

 

 



Тектеш кабарлар