Түрк басма сөзү 28.02.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1786703
Түрк басма сөзү 28.02.2022

«Йени Шафак» гезити: «Сүйлөшүүлөрдү кубаттайбыз» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Москва-Киев чыңалуусуна байланыштуу билдирүүсүндө украин жана орус кесиптештери менен сүйлөшкөнүн белгилеп: «Орусия менен Украинанын сүйөшүү чечимине абдан ыраазыбыз»,-дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Түркиянын Монтрё билдирүүсү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун, Украина-Орусия кризисине байланыштуу: «Монтрё келишими- жээктеш жана жээктеш болбогон өлкөлөрдүн согуш кемелеринин өтүшүнө байланыштуу тартипти түзүүдө. Түркия келишимди ушул убакка чейин так аткарды. Бул шарттарда биз Монтрё келишимин колдонобуз. Эми ал согушка айланып кетти. Бул аскердик операция эмес, расмий согуш абалы бар»,-дегенин билдирген.

«Стар» гезити ''Байрактар ​​TB2 биз үчүн мүмкүнчүлүк'' аттуу кабарында Орусиянын кол салуусу астында калган Украинанын эң жаш депутаты 26 жаштагы Святослав Юраштын баш калаа Киевди коргоо үчүн колуна курал алып көчөгө чыкканын жазган. Байрактар ​​TB2ге ээ экендиктерине көңүл бурган Юраш: «Дүйнөнүн эң чоң армиясына каршы мүмкүнчүлүк болушу үчүн дал ушул нерсе керек»,-деди.

«Хүррийет» гезити: «5 өлкөнүн чек арасында эвакуация штабы» аттуу маалыматында Түркиянын Украинанын ар кайсы шаарларынан өз жарандарын авто жол аркылуу эвакуациялай баштаганын жазган. Украинага коңшу 5 өлкөнүн чек арасындагы түрк жарандарынын өтүүсүндө эч кандай көйгөй болбошу үчүн дипломатиялык бөлүмдөр ишке киргизилди.

«Хабер түрк» гезити: "Түрк аба жолдорунан кошумча каттам пландоосу" аттуу кабарында Түрк аба жолдорунун (THY) башкы директору Билал Экшинин, Украинага коңшу өлкөлөрдөгү жүргүнчү суроо-талаптарына байланыштуу учак түрүнүн кеңейтилгенин жана муктаждыктарга жараша кошумча каттамдардын ишке ашырылып жатканын билдиргенин жазган.



Тектеш кабарлар