Түрк басма сөзү 25.02.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1785186
Түрк басма сөзү 25.02.2022

"Хүррийет" гезити "Президент Эрдоган : Россиянын операциясы кабыл аланбайт" деп жазган кабарында президент Эрдогандын Россиянын Украина жерлерине баштаган операциясынын кабыл алынгыс экендигин жана четке кагышкандарын айтканын билдирген. Эрдоган : "Эл аралык мыйзамга тескери болгон бул кадам аймактын тынчтык жана туруктуулугуна карата сокку",- деди. 

"Сабах" гезити "Тышкы иштер министрлигинен Россия тууралуу билдирүү" деп жазып, Тышкы иштер министрлигинин Россиянын Украинага карата аскердик кийлигишүүсүнүн кабыл алынгыс экендигин баса белгилеп, Россия Федерациясын  бул туура эмес жана мыйзамсыз кыймылын эртерээк токтотууга чакыргандыгын маалымдаган. 

"Хабер түрк" гезити "Адилеттик жана өнүгүү партиясынын катчысы Челиктен Монтре билдирүүсү" деген макаласында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челиктин  Россия - Украина кризисине байланыштуу : «Түркия Монтре конвенциясынын объективдүү жоболорун ачык түрдө ишке ашырат. Түркиянын кароосуна кирген маселелерде,  согушту тереңдетүүчү, кагылышууну кеңейткен бул чыңалууну күчөткөн  маселелерде Түркия тынчтыктын пайдасына өз ыктыярын колдонот»,-дегенин маалымдаган. 

"Йени шафак" гезити "Украина куралдуу күчтөрүнөн Байрактар ТБ 2ге атайын басым жасалды" деп билдирип, Украинанын башкы штабы орус бөлүктөрүнүн кол салууларына каршы Украина куралдуу күчтөрүнүн составындагы Байрактар ТБ 2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын активдүү колдонулгандыгына токтолгон. Путивл аймагында орус танктарынын чабуулу токтотулганы билдирилди. 

"Стар" гезити  "Түркия менен Армения макулдашты" деген макаласында 

Тышкы иштер министрлигинин Түркия менен Армениянын мамилелерди алдын ала эч кандай шартсыз толук нормалдаштырууга багытталган сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашууларын кайталагандыгын  билдирди.

 



Тектеш кабарлар