Түрк басма сөзү 21.02.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1781900
Түрк басма сөзү 21.02.2021

«Хүррийет» гезити: «Министр Хулуси Акар билдирүү жасады» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалууга жакындан байкоо салып жаткандарын айтканын жазган. Акар: «Аскердик кыймылдуулуктун кээ бир таасирлери бар. Бул темада басма сөздө кабарлар жарыяланууда. Буларды абдан этияттык менен баалоо керек»,-деди.

«Стар» гезити: «Зеленский Түркиянын да катышуусун каалады» аттуу маалыматында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин: «Жакынкы күндөрдө Европадагы коопсуздук көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн Украина, Германия жана Түркиянын катышуусунда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосунда саммит өткөрүлүшүн сунуштайм»,- дегенин билдирген.

«Ватан» гезити: «Эрсин Татардын Рум тарапка реакциясы: Бул эч качан кабыл алынбайт» аттуу кабарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын кечээ бир телеканалда сүйлөгөн сөзүндө аралдагы дин кызматкерлерине курал үйрөтүү чыңалуусу тууралуу: «Бул эч качан кабыл алынбайт, муну ачыкка чыгарганыбыз туура болду»,-дегенин жазган.

«Йени шафак» гезити: «Министр Дөнмез датаны жарыялады: 10 миллиард куб метрге жетет» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Силиври жана Туз Гөлү жер астындагы жаратылыш газ сактоочу жайларынын кубаттуулугун жогорулатуу иштеринин бүтүшү менен келерки жылы эки объекттин жалпы кубаттуулугу 10 миллиард куб метрге жете турганын билдиргенин жазган.

«Хабер түрк» гезити: «Хисар абадан коргонуу системасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүк» аттуу кабарында Президенттиктин Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын башчысы Исмаил Демир кечээ социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасап: «HİSAR 2022-жылды тез баштады! HİSAR O+ системасынын биринчи RF (Радио жыштык) дүрмөтүү ракета сыноосунда бута жок кылынды жана абадан коргонуубузга жаңы мүмкүнчүлүк кошулду»,-дегенин билдирген.



Тектеш кабарлар