Түрк басма сөзү  18.2.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1780972
Түрк басма сөзү  18.2.2022

«Стар» гезити «Эрдоган Эл аралык Демократтар Биримдиги UIDдин башкаруучуларына кайрылды : Саясий карым  - катнаштарды башкача өнүктүрөбүз» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ  Австриядагы Эл аралык Демократтар Биримдигинин өкүлдөрүнө кайрылгандыгын жазган. Эрдоган сөзүндө : «Жогорку деңгээлдеги саясий карым  - катнаштарды башкача өнүктүрөбүз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түрк делегациясы Израиль президенттиги жана тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугушту» деп билдирип, президенттиктин катчысы Ибрахим Калын жана тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал да болгон делегациянын кечээ Израиль президенттиги жана тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугушкандыгын маалымдаган. Жолугушууларда Израилдин президенти Изаак Герцогдун Түркияга жасай турган сапарынын даярдыктары, эки тараптуу карым  - катнаштар жана аймактык маселелердин талкуулангандыгы белгиленди.

«Ватан» гезити «Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Алтун  : Түркия НАТОнун геополитикалык келечегинин борборундагы бир өлкө» деген макаласында коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун Түркиянын НАТОнун геополитикалык келечегинин борборундагы бир өлкө экендигин айтканын билдирген. Алтун кечээ берген маалыматында : «Түркия эки уюлдуу же көп уюлдуу бир дүйнөнүн муктаждыктары үчүн эмес, эл аралык системада коопсуздук жана туруктуулуктун символу болушу үчүн НАТОнун бир бөлүгү»,- деди.

«Хүррийет» гезити «THY учуу коопсуздугу боюнча эң ийгиликтүү авиакомпаниялардын бири» деген маалыматында түрк аба жолдорунун Европанын жарандык авиация коопсуздугу агенттиги (EASA) ишке ашырган SAFA (Чет элдик учактардын коопсуздук текшерүүлөрү) программасынын алкагында учуу коопсуздугу боюнча Европанын эң ийгиликтүү авиакомпанияларынын арасында орун алгандыгын маалымдаган.

«Йени шафак» гезити "БАХА келе жатат" деген кабарында Түркиянын булуттун астындагы учкучсуз учуучу аппараты БАХА үчүн ишин ылдамдаткандыгын белгилеп,  көптөгөн түрдүү иштерде колдонула турган ата мекендик БАХАлардын экспорттук потенциалынын да жогору экендигин билдирген.



Тектеш кабарлар