Түрк басма сөзү 31.01.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1770635
Түрк басма сөзү 31.01.2022

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Түркиянын саламаттыкты сактоо инфраструктурасы өнүккөн өлкөлөрдөн алдыга оозуп кетти» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын саламаттыкты сактоо инфраструктурасынын шаардык ооруканалары, кызматкерлери, тез жардам, вакцина жана дары-дармектери менен өнүккөн өлкөлөрдөн да алдыга оозуп кеткенин айтканын жазган. Эрдоган Түркиянын энергия муктаждыгын камсыз кылууда ички жана жаңылануучу булактардын көлөмүн тынымсыз жогорулаткандарын, өлкөнүн өнөр жайын өндүрүш жана экспорттук күчү менен дүйнөнүн алдыңкы альтернативаларынан бирине айландырышкандарын айтты.

«Стар» гезити «Түркия Орусия менен Украина үчүн ишенимдүү өнөктөш» аттуу маалыматында азербайжандык аналитик Туран Рзаев президент Эрдогандын Орусия менен Украинанын ортосундагы ортомчулук сунушуна баа берип, Түркиянын эки өлкө үчүн эң ишенимдүү өнөктөш экенин айтканын жазган. Рзаев: «Анкара Киев менен да, Москва менен да жакын мамиледе. Бул жагынан Түркиянын ортомчулугу тараптарды жараштырууда абдан маанилүү»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркия Ливияда тең салмактуулукту өзгөрттү» аттуу кабарында Катардагы «Ал-Жазира» гезитинин талдоосунда «Түркиянын Ливиядагы саясий жана аскердик күчү Түндүк Африка менен Жер Ортолук деңизиндеги тең салмактуулуктарды өзгөрттү» деп белгиленин жазган. Макалада Түркиянын Ливиянын коопсуздук архитектурасынын бир бөлүгү экендиги жана аймактагы чет элдик күчтөргө каршы тең салмактуулук ролун ойногону айтылды.

«Йени Шафак» гезити «Аденовирус ыкмасы менен иштелип чыккан түрк вакцинасы» аттуу маалыматында Түркияда жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) каршы «аденовирус» ыкмасы менен иштелип чыккан биринчи вакцина бардык варианттарга каршы узак мөөнөттүү коргоону камсыз кылууну көздөгөнүн билдирген. Анкара Ракты изилдөө институтунун директору проф. др. Хакан Акбулут: «Биздин вакцина өлкөбүздө колдонулган mRNA жана инактивдүү вакциналардан абдан айырмаланат. Бул тирүү вакцина. Ал күчтүү иммундук жооп жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ»,- дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Анадолудан алынып кеткен экспонаттар кайра алынып келинүүдө» аттуу кабарында америкалык жетекчилер тарабынан 2010-жылы конфискацияланган Рим дооруна таандык 21 даана чопо идиштин сот процесси аяктагандан кийин өткөн аптада Түркияга алып келингенин билдирген. Анадолу тектүү 14 экспонат да Манхэттен прокуратурасы тарабынан Түркияга кайтарылышы үчүн Нью-Йорк Башкы консулдугуна тапшырылды. Анкарага алып келине турган 10у Искендер дооруна, экөө Лидия дооруна таандык 12 тыйын жана 2 Килия буркан баштары Стамбул археология музейинде көргөзмөгө коюлат.



Тектеш кабарлар