Түрк басма сөзү 16.12.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1748331
Түрк басма сөзү 16.12.2021

«Ватан» гезити «Эрдоган Ливиянын Өкүлдөр палатасынын төрага орун басары Аль-Нувейрини кабыл алды» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Ливиянын Өкүлдөр палатасынын төрага орун басары Февзи аль-Нувейри жана аны коштогон делегацияны кечээ борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте кабыл алганын жазган. Басма сөзгө жабык өткөн жолугушуу болжол менен 1 саатка созулду.

«Стар» гезити «Министр Чавушоглу Армения боюнча атайын өкүлүн жарыялады» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Бириккен Араб Эмирликтерине болгон сапарында күн тартибине байланыштуу билдирүүлөрдү жасап: «Вашингтондогу мурдагы элчи Сердар Кылычты Арменияга атайын өкүл кылып дайындайбыз»,-дегенин баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Министр Кожанын билдирүүсү: Эскертүүлөрдүн убактысы кыскартылды» аттуу маалыматында саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын Коронавирус илимий комитетинин кечээки жыйынынан кийин социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө, Ковид-19 эпидемиясына каршы эмдөө программасына байланыштуу чечимге ылайык, жарандар экинчи дозадан 3 айдан кийин эскертүү дозасын ала ала турганын маалымдаганын жазган.

«Хабер түрк» гезити «Түркиядан 11 айда 214 өлкөгө 9,7 миллион тонна дан жана буурчак экспорттолду» деген кабарында январь-ноябрь айларында Түркиядан 214 өлкөгө 9,7 миллион тонна дан, буурчак жана май өсүмдүктөрү жөнөтүлгөнүн белгилеген. Сектордун экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 25,9 пайызга өсүп, 8 миллиард доллардан ашты.

«Йени Шафак» гезити «Түрк аба жолдоруна үч сыйлык» аттуу маалыматында Түрк аба жолдору (THY) Global Traveler журналынын окурмандары тарабынан добуш берген окурмандардын сурамжылоосунда 5-ирет «Эң мыкты бизнес класс сыйлыгын» жеңип алып Квинт статусуна жеткенин маалымдаган. THY ошондой эле  6-жолу катары менен «Эң мыкты аэропорттогу жерде тейлөө» сыйлыктарын жана 4-жолу «Эң мыкты корпоративдик берилгендик программасы» сыйлыктарын алды.



Тектеш кабарлар