Түрк басма сөзү 20.10.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1722166
Түрк басма сөзү 20.10.2021

«Хабер түрк» гезити: «Түркиядан Чыгыш Жер Ортолук деңизи билдирүүсү» аттуу кабарында Тышкы иштер министрлиги Греция, Египет жана Кипрдин Рум башкаруучулугунун үч тараптуу саммитинен кийин билдирүү таратып, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасын көз жаздымда калтырган кандайдыр бир демилгенин ийгиликтүү боло албай турганын кабарлаганын жазган. Түндүк Кипрдин Тышкы иштер министрлиги да Рум жетекчилигинин Греция жана Египет менен биргелешкен билдирүүсүнүн жараксыз экенин жарыялады.

«Хүррийет» гезити: «Европа Комиссиясынын отчету кош стандарт» деген маалыматында Түркия Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын 2021-жылга карата кеңейтүү пакетинин алкагында жарыяланган Түркия отчетуна каршылык көрсөткөнүн жазган. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Биз позитивдүү саясий күн тартибин түзүүгө жана ЕБ менен болгон жогорку деңгээлдеги диалогубузду жандандырууга аракет кылып жаткан учурда, тилекке каршы талапкер өлкө Түркияга каршы жоопкерчиликтер көз жаздымда калтырылган жана өлкөбүз менен болгон карым-катнаштарда кош стандарттуу мамиле көрсөтүлгөн Түркия отчету жарыяланды»,-деп айтылганын маалымдаган.

«Стар» гезити: «Төрт лидердин биргелешкен билдирүүсү. Түркиянын күчү кабыл алынды» аттуу кабарында Түркия, Того, Буркина-Фасо жана Либериянын президенттеринин жолугушуусу боюнча билдирүү жарыяланганын жазган. Төрт мамлекеттин башчысы, Түркиянын Африка үчүн стратегиялык өнөктөш катары ролун негиздеген жана эл аралык аренада маанилүү актёр кылган түрк экономикасынын өсүүсүн жана күчүн кабыл алышты.

«Йени Шафак» гезити: «TRT World Forum глобалдык маселелерди дүйнөнүн күн тартибине алып келүүдө» деген маалыматында Түркия радиотелеберүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Мехмет Захид Собажы быйыл 5-жолу өткөрүлгөн TRT World Forumдун ачылыш сөзүндө, адамдарды жогору баалаган эфир түшүнүгү менен мүмкүнчүлүгү жок аймактардын, коомдордун үнү болууга аракет кылышканын айтканын билдирген. Собажы: «TRT World Forum сыяктуу эл аралык платформалар аркылуу жаңы идеяларды жаратышыбыз жана жаңы максаттарды коюшубуз керек»,-деди.

«Ватан» гезити: «Байрактар куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар француздардын кыялы, британиялыктардын максаты» аттуу кабарында француз басма сөзүнүн Байрактар куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарына суктанганын жашыра албаганын жазган. Түркиянын Британияга учкучсуз учуучу аппараттарды сатуу мүмкүнчүлүгүнүн Түркиянын коргоо өнөр жайы үчүн чоң секирик боло аларын белгилеген «Le Figaro» гезити: «Бул учкучсуз учуучу аппараттар дүйнөдөгү согуштарда элестетилген курал болуп саналат. Куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар Африка, Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азияда түрк таасиринин вектору болуп калды», деп билдирди.



Тектеш кабарлар