Түрк басма сөзү 07.09.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1703728
Түрк басма сөзү 07.09.2021

 

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандын билдирүүлөрү» атуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки Кабинет жыйналышынан кийинки билдирүүсүндө экономика жаатындагы өнүгүүлөргө токтолгонун жазган. Эрдоган: «Экономикабыз үзгүлтүксүз өстү. Өткөн жылды 93,3 миллиард доллар менен жапканыбыз үчүн, биздин валюта резервдерибиз, 27-августка карата 118 миллиард доллардан ашкан абалда»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Ички иштер министринин орун басары Чатаклынын ооган көч толкуну тууралуу билдирүүсү» аттуу маалыматында ички иштер министринин орун басары жана Министрликтин катчысы Исмаил Чатаклынын басма сөзгө берген маалыматында, «Түркияга Ооганстандан келген мыйзамсыз мигранттардын санында өткөн жылдарга салыштырмалуу башкача өсүш, акыркы окуяларга байланыштуу күтүлбөгөн жогорулоо же болбосо өлкөбүздүн чек араларына топ топ болуп жыйылган көч толкуну учурда жок»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Түркиянын Испанияга экспорту рекорддук деңгээлге жетти» деген кабарында Түркия август айында Испанияга ишке ашырган экспорт жагынан айлык эсепте рекорддук деңгээлге жеткенин маалымдаган. Испанияга жасалган тышкы сатуу август айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 45,7 пайызга артып 807,1 миллион долларга жогорулады.

«Ватан» гезити «THY күнүмдүк 1297 учуу менен Европада экинчи орунду алды» деген кабарында Аэронавигациянын коопсуздугу боюнча Европа уюмунун (EUROCONTROL) аба кыймылынын маалыматына ылайык, 30 -августтан 5 -сентябрга чейин Түрк аба жолдору (THY) күн сайын 1297 рейс менен Европада эң көп учкан экинчи авиакомпания болгонун маалымдаган.

«Сабах» гезити «Бурак Йылмаз Франциядагы айдын оюнчусу» деген кабарында улуттук футболчу Бурак Йылмаз Францияда атын чыгарууну улантканын белгилеген. 36 жаштагы Бурак Йылмаз Лиллде айдын оюнчусу деп табылды. Йылмаз август айында 1 гол жана 1 пас берген.



Тектеш кабарлар