Түрк басма сөзү 11.08.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1689157
Түрк басма сөзү 11.08.2021

«Ватан» гезити «Түркия ПКК тууралуу Швейцарияга каршылык көрсөттү» деген кабарында тышкы иштер министрлигинин Швейцарияда ПКК/ЙПГ террордук уюмунун «Түндүк жана Чыгыш Сирияда автономиялуу башкаруунун өкүлчүлүгү» деген аттын астында өкүлчүлүк ачышына катуу каршылык көрсөктөндүгүн жазган. Швейцариянын Анкарадагы элчилигинин ишенимдүү өкүлү министрликке чакырылып, наарызычылык билдирилди жана түшүндүрмө бериши талап кылынды.

«Стар» гезити «Греция Түркияга ыракмат айтты» деген макаласында Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын токой өрттөрү үчүн 2 өрт өчүргүч учагы менен жардам бергени үчүн кесиптеши Мевлүт Чавушоглуна ыракмат айтканын маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Стамбул аэропорту дүйнөнүн мыктыларынын арасында» деп жазып, каттамдарды иликтеген Skytraxтын 2021 – жылга тандык «Дүйнөнүн мыкты аэропорттору» тизмесин жарыялагандыгын билдирген. Бул изилдөөгө караганда 2020 -  жылы 102 – орунда турган Стамбул аэропорту бир жылда  85 баскыч жогорулады жана дүйнөнүн мыкты 17 -  аэропорту болуп катталды.

«Сабах» гезити «Анталья 7 айда 3 миллион 396  000 туристти тосуп алды» деген маалыматында, дүйнөнүн негизги туризм борборлорунун арасында орун алган жана Ковид  - 19 эпидемиясы процессинде коопсуз туризмдин адреси болгон Антальянын 7 айда 3 миллион 396  000 туристти тосуп алгандыгын кабарлаган. Россия 1 миллион 127 716 турист менен шаарга эң көп турист жиберген өлкө болду.

«Хүррийет» гезити «Дүйнөнүн эң чоң микробиалиттери Ван көлүндө» деген кабарында,  дүйнөнүн эң чоң сода көлү Ван көлүнөн микробиалиттин жаңы түрлөрүнүн табылгандыгын жана 30 – 40 метр узундуктагы микробиалиттердин дүйнөнүн эң чоң микробиалиттери экендигин жазган.



Тектеш кабарлар