Түрк басма сөзү  10.08.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1688431
Түрк басма сөзү  10.08.2021

«Сабах» гезити «Өмер Челик : Түркия эч кимдин качкын лагери эмес» деген макаласында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин кечээ берген маалыматында Түркиянын эч кимдин качкын лагери эмес экендигин айтканын кабарлаган. Челик : «Түркия эч кимдин качкын лагери эмес. Өлүмдөн качкандарга ээ чыкпай коюу ахлакка жатпайт. Бирок бул жерди качкындар лагери катары көрсөтүү туура эмес»,- деди.

«Стар» гезити «TURKOVACтан кубантуучу кабар. 100 пайыз эффективдүү» деген кабарында Ковид  - 19га каршы Түркияда  чыгарылган TURKOVAC вакцинасынын англис вариантына каршы 100 пайыз эффективдүү экендигин белгилеген. TURKOVAC вакцинасы долбоорунун лидери профессор доктор Айкут Өздарендили  «Дельта» варианты тууралуу изилдөөлөрдүн улантылып жаткандыгын айтты.

«Ватан» гезити «Угур Шахинден «Дельта» варианты тууралуу билдирүү» деп жазып, BionTechтин жогорку башкаруучусу профессор доктор Угур Шахиндин : «BionTech – Pfizer тарабынан чыгарылган биринчи муундагы Ковид  - 19  вакцинасы «Дельта»   жана башка варианттарга каршы дагы эфективдүү. Ушул себептен азыркы учур үчүн вакцинабыздын адаптациялык изилдөөлөрү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ойлобойбуз»,- дегенине токтолгон.

«Хүррийет» гезити «Грузиянын премьер  -  министри Гарибашвилиден Түркия билдирүүсү» деген маалыматында Грузиянын премьер  - министри Иракли Гарибашвилинин чек ара коңшусу жана стратегиялык өнөктөшү болгон Түркия менен карым  - катнаштарга жана кызматташууларга чоң маани бергендерин айтканын жазган. Гарибашвили  кечээ берген маалыматында : «Түркия менен стратегиялык бир өнөктөштүгүбүз бар, табигый түрдө Түркия менен достук жана кызматташууга чоң маани беребиз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Күн жана шамалда 1 триллион долларлык инвестиция» деген кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын келерки 10 жылда коомдук жана менчик сектор убада кылган 1 триллион долларлык шамал жана күн инвестициясынын бар экендигин айтканын билдирген. Варанк : «Ушунун негизинде Түркия катары жаңыланууга боло турган энергетикадан максимум деңгээлде  пайдаланып нефть жана газ боюнча тышка болгон көз карандылыгыбызды мүмкүнчүлүккө айландырууну каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар