Түрк басма сөзү  03.08.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1684596
Түрк басма сөзү  03.08.2021

 

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган Тунистеги туруктуулук  аймак үчүн да маанилүү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын өлкөсүндө парламенттин иштерин токтоткон Тунистин президенти Кайс Саид менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн кабарлаган. Эрдоган сүйлөшүүдө  Тунистин туруктуулугу, ички тынчтыктын сакталышы аймактын тынчтыгы жактан абдан маанилүү экендигин айтты. Ошондой эле Тунисте демократиянын сакталышы, эркиндиктердин кепилдик астына алынышы жана мыйзамдын үстөмдүгүнүн байкоого алынышы маанилүү экендигине токтолду.

«Ватан» гезити «Эрдоган Милановичке ыракмат айтты» деген макаласында президент Эрдогандын Хорватиянын президенти Зоран Миланович менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн, сүйлөшүүдө Эрдогандын токой өрттөрүнөн улам Түркияга көңүл айткан жана өрт менен күрөшүү үчүн тилектештик жана колдоосун билдирген Милановичке ыракмат айткандыгын маалымдаган. Эрдоган союздаштык карым  - катнаштарынын ушундай күндөрдө дагы да маанилүү болгондугун белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Экспортто тарыхый рекорд» деп жазып, Түркиянын экспорту январь  -  июль мезгилинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 25 пайыз, Ковид  - 19 эпидемиясынан мурунку мезгилге караганда 16, 4 пайыздык өсүү менен 121, 4 миллиард долларга жогорулагандыгына токтолгон. Акыркы 12 айлык экспорт 201 , 5 миллиард долларга жогорулап Республика тарыхынын рекордуна жетти. Биринчи жолу 200 миллиард доллар чегинен ашылды.

«Хүррийет» гезити «Түрк илимпозунан төңкөрүш мүнөзүндө ачылыш» деген маалыматында  түрк илимпозу Рабига Тугче Языжыгилдин эндоскопиялык диагноз үчүн жутууга боло турган, нокоттун  чоңдугунчалык, кабелсиз маалымат жиберген капсула чыгаргандыгын билдирген. Ичеги жана сиңдирүү системасындагы ооруларды аныктай турган ачылуу эндоскопия жана башка бир нече тармакта жеңилдик берет. Капсула жутулгандан кийин сиңдирим системасынан өтүп жатканда ооруну аныктайт жана мобилдик телефонго билдирүү берет. Капсула менен көптөгөн оорунун  эрте аныктоого болот.

«Сабах» гезити «Волейболдо атаандаш Түштүк Корея» деген кабарында  Аялдар улуттук волейбол командасынын 2020 Токио Олимпиада оюндарынын чейрек финалындагы атаандашы Түштүк Корея болгонун белгилеген. В группасын 3 - орунда бүтүргөн улуттук курама команда А группасын  3 -орун менен аяктаган Түштүк Корея менен беттешет. Улуттук команданын чейрек финалы 4-август шаршемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 03.00дө башталат.



Тектеш кабарлар