Түрк басма сөзү 13.07. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1674493
Түрк басма сөзү 13.07. 2021

«Сабах» гезити «Эрдоган өсүү тууралуу маалымат берди» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын Кабинет жыйынынан кийин берген маалыматында : «2021 -жылы жетише турган өсүү катнашы менен дүйнөнүн жогорулаган экономикасы экенибизди далилдейбиз. Чоң жана күчтүү Түркиянын курулуш жолунда экономикада да ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылуудабыз. Эми Түркия саясий жана экономикалык жактан дүйнөнүн эң жогорку лигасына кадам таштап жатат»,- дегенине орун берди.

«Стар» гезити «Түркия аймакта күчтөнүүдө» деген кабарында Европа Биримдиги менен Батыш Балкандар жана Түркия ортосунда экономикалык жана финансылык диалог жыйынында финансылык саясаттарда күчтүү кызматташуу кабары берилгендигин маалымдаган. Европа Биримдиги Кеңеши тарабынан жарыяланган жыйынтык билдирүүдө жыйындын Батыш Балкандар жана Түркияны келечекте Европа Биримдигине кошук үчүн даярдоону максат кылгандыгы белгиленди.

«Йени шафак» гезити «Коргонуунун дөө – шаалары» тизмесине 2 түрк фирмасы кирди» деп жазып, дүйнөнүн эң престиждүү коргонуу өнөр жайы тизмеси катары кабыл алынган "Defense News Top 100" тизмесине бул жылы 2 түрк фирмасынын киргендигине токтолгон. Тизмеде АСЕЛСАН 48, Түрк авиациялык жана космостук өнөр жайы ТУСАШ 68 -орунду алды.

«Хабер түрк» гезити «Россиядан Антальяга эки жумага жакын убакытта 307 417 турист келди» деген маалыматында дүйнөнүн негизги туризм жерлеринин арасында орун алган Антальянын эки жумага жакын убакытта 1095 каттам менен келген 307 417 россиялык конокторду   тосуп алгандыгын билдирген.

«Хүррийет» гезити «Чет элдиктерге турак жай сатууда рекордго жетишилди» деп билдирип, Түркияда бул жылдын биринчи жарымында чет элдиктерге сатылган турак жай саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 44 пайыздык өсүү менен 20 488ге чыккандыгын, бул сандын бардык мезгилдердин эң мыкты көрсөткүчү экендигин жазган.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар