Түрк басма сөзү 17.06.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1659689
Түрк басма сөзү 17.06.2021

 

«Сабах» гезити «Эрдогандын Азербайжан Парламентиндеги тарыхый сөздөрү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжан Улуттук Парламентинде сүйлөп жатып тарыхый сөздөрдү колдонуп: «Бүгүн биз бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен Азербайжан мененбиз. Бүткүл дүйнө эртең дагы сиздин жаныңызда болоорубузду билиши керек»,деп айтканын баяндаган. Ошондой эле Алтылык платформа сунуш кылгандыгын түшүндүргөн Эрдоган: «Россия, Түркия, Азербайжан, Иран, Армения жана Грузия. Эми аймактан согуш аракеттери жоголсун»,-деди.

«Стар» гезити «Лессер: Түркия НАТОдо өзгөчө мааниге ээ союздаш» деген кабарында Германиянын Маршалл Фондунун (GMF) вице-президенти жана тышкы саясат боюнча директору, Д-р Лан Лессер: «Түркия өзгөчө маанидеги союздаш экендиги НАТОдо кеңири кабыл алынган. Азыркы кризистердин көпчүлүгүн Түркиянын жардамысыз башкаруу кыйын»,-деп айтканын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Биринчи ата мекендик атомдук батарея» аттуу кабарында узак мөөнөттүү ядролук батарейканын прототипи Йылдыз Техникалык университети тарабынан иштелип чыкканын маалымдаган. Бул батарея узак убакыт бою кароосуз иштей турган жабдууларды, мисалы, космостук аппараттар, кардиостимуляторлор, суу алдындагы тутумдар жана илимий станцияларды иштете алат.

«Хүррийет» гезити «Чет өлкөдөгү 4 миң 862 маданий байлык Түркияга кайтарылды» аттуу маалыматында 2003-жылдан бери Маданият жана туризм министрлиги тарабынан Түркиянын чет өлкөдөгү 4862 маданий байлыгы өлкөгө алынып келинген жана алардын 423ү ушул жылдын 6 айында кайтарылып берилгенин маалымдаган.

«Хабертүрк» гезити «Стамбул аэропорту 635 каттамы менен Европада алдыңкы катарда туруусун сактады» деген кабарында Европа Аэронавигациясынын Коопсуздугу Уюму (EUROCONTROL) тарабынан даярдалган учуу кыймылынын отчетуна ылайык, Стамбул аэропорту шейшемби күнү жасалган 635 каттам менен Европанын аэропортторунун арасында биринчи орунду ээлегенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар