Түрк басма сөзү 11.06.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1655936
Түрк басма сөзү 11.06.2021

«Хүррийиет» гезити «Эрдогандын Байден менен жолугушуусунда 9  тема» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын АКШнын президенти Жо Байден менен өткөрө турган жолугушууда 9 орчундуу теманын күн тартибине келерин маалымдаган. Бетме  - бет өткөрүлө турган жолугушууда Фетуллахчы террордук уюм менен күрөштө так кадам жана жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге берилген колдоонун токтотулушу талап кылынат. Ф -  35 аскердик учактары жана С  - 400 абадан коргоо системалары маселеси менен Сирия, Ливия, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Тоолуу Карабах жана 100 миллиард долларлык соода көлөмү талкууланат.

«Йени шафак» гезити «Байден башкаруусу Түркияга карата жаңы бир ойлонуу формасын иштеп чыгышы керек» деген макаласында Американын The Wall Street Journal гезитинин АКШнын президенти Жо Байден башкаруусунун Түркия саясатынын кандай болушу керектигине байланыштуу анализ жарыялагандыгын белгилеген. Жазууда Түркиянын АКШнын маанилүү союздашы экендиги жана кыйын бир өлкө экендиги маалымдалды. Байден башкаруусунун Түркияга карата жаңы бир ойлонуу формасынын иштеп чыгылышы керектиги сунуш кылынган жазууда : «Анкаранын тышкы саясаты көз карандысыз болууну улантат»,- деп билдирилди.

«Стар» гезити  «Макрон : Президент Эрдоган менен бири бирибизди көрүүбүз керек» деп жазып, Франциянын президенти Еммануэль Макрондун НАТО саммитинин негизинде өзүнүн жана президент Эрдогандын сүйлөшүү өткөрүүнү каалагандыгын белгилеп : «Бул жакшы нерсе. Бири бирибизди көрүүбүз керек»,- дегенин кабарлаган.Макрон президент Эрдоган менен пикир айырмачылыгы болсо да сүйлөшүп жана муну улантуулары керектигин айтты.

«Хабер түрк» гезити «Европа импорттогон органикалык айыл  - чарба продукцияларынын 7 пайызы Түркиядан» деген маалыматында Түркия органикалык айыл  - чарба тармагында дүйнөдө 18 – орунда тургандыгын жазган. Түркия 8 продукция менен баштаган органикалык  айыл  -  чарба иштерин өткөн жылдан тарта 235 продукцияга чыгарып, бул тармакта Европа импорттогон  продукциялардын 7 пайызын  камсыздай ала турган абалга келди. Органикалык айыл  - чарбада өткөн жылы өндүрүш коронавирус шарттарына карабастан 1, 6 миллион тоннага жеткен.

«Ватан» гезити «Арарат тоосунда алтын кени табылды» деген кабарында Арарат тоосунда 20 тонна алтын запасынын аныкталгандыгын билдирген. Аймакта эки жылдын ичинде 3 – 3,5  тонна алтын өндүрүү пландалып жатат. Бул тууралуу тийиштүү маалыматтарды берген өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк : «Арарат тоосунда жүргүзүлгөн изилдөөнүн акырында базар баасы 1, 2 миллиард доллар болгон 20 тонна алтын жана 2, 8 миллион доллар болгон 3, 5 тонна күмүш резерви аныкталды»,- деди.



Тектеш кабарлар