Түрк басма сөзү 03.06.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1650862
Түрк басма сөзү 03.06.2021

«Йени шафак» гезити «Улуттук Коопсуздук Кеңешинин (УУK) Израилге билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында кечээ өткөрүлгөн Улуттук коопсуздук кеңешинин (УУK) жыйынынан кийин жарыяланган билдирүүдө өткөн айда Газада болгон кыргын үчүн Израиль айыпталганын маалымдаган. Билдирүүдө: «Израилдин согуш кылмыштарын, кол салууларын кайталабоо жана Палестина маселесин адилеттүү, туруктуу жана ар тараптуу чечүү үчүн эл аралык коомчулук өз жоопкерчилигин кечиктирбестен жана чын жүрөктөн аткарууга чакырылды»,делди.

 «Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглунун Израиль боюнча билдирүүсү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээки билдирүүсүндө «Израиль биз менен жакшы мамиледе болуш үчүн туура эмес саясаттан баш тартуусу керек»,-деди.

«Стар» гезити  «Министр Дөнмез: Түркиянын энергетика тармагына 25 миллиард евро инвестиция салышты» аттуу маалыматында энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез Германиянын энергетикалык компанияларынын өнөктөштөрү менен биргеликте, Түркиянын энергетика тармагына акыркы 18 жылда болжол менен 25 миллиард евро инвестиция салганын жана 15 миңден ашуун жумуш менен камсыз кылгандыгын белгилеп, «Бул сандар Германиянын компаниялары менен инвесторлорунун секторго болгон мамилесин жана Түркиянын экономикасына болгон ишенимди көрсөтөт»,-деди.

«Хабер түрк» гезити  «Экспорттун май айындагы көрсөткүчтөрү жарыяланды» аттуу маалыматында соода министри Мехмет Муш кечээки билдирүүсүндө, Түркиянын май айында экспорту өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 65,5 пайызга өсүп, 16,5 миллиард долларды түзгөндүгүн белгилеп: «Ушул көрсөткүч менен бардык жылдардын май айындагы эң жогорку экспорт боюнча экинчи орунга чыктык»,-деп айтканын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Дүйнө түрк керемети КУУАлар (Куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар) жөнүндө кеп кылып жатат»деген кабарында аскер жаатында дүйнөлүк брендге айланган Түркиянын УУА / КУУА (İHA / SİHA) технологиясы бул жолу Швейцария тарабынан кылдат текшерилгенин баяндаган.  Өлкөнүн улуттук телерадиоберүү кызматы жазган анализде, учкучсуз учуучу аппараттары жана куралдуу учкучсуз учактары (УУА / КУУА) менен дүйнө жүзүндө мактоого татыган, биринчи кезекте Азербайжан менен Ливияда көптөгөн жаңжалдуу аянттарда жеңиштерге жетишкен түрк технологиясынын Батыш мамлекеттери тарабынан өзгөчө керемет катары сыпатталганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар