Түрк басма сөзү 06.05.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1634995
Түрк басма сөзү 06.05.2021

«Сабах» гезити «Эрдоган: Греция чагымчыл аракеттерин улантууда» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Германиянын канцлери Ангела Меркель менен видео конференция өткөргөнүн жазган. Эрдогандын Меркель менен жолугушуусунда  Эгей деңизинде иммигранттардын куугунтукталышы жана Грециянын Түркияга багытталган чагымчыл аракеттерин улантып жатканы жөнүндө эскертти.

«Хабер түрк» гезити «Ливия Түркия менен болгон келишимден баш тартпайт» аттуу маалыматында Ливиянын премьер-министри Абдулхамид Дибейбенин Түркия менен кол коюлган «Деңиз юрисдикцияларына чек коюу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум» боюнча Греция менен өз өлкөсүнүн ортосунда пикир келишпестиктер болгонун айтканын маалымдаган. Меморандумду сакташарын белгилеген Дибейбе: «Ливиялыктардын кызыкчылыгына кызмат кылган бул келишимден чыкпайбыз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татар жарандарын биримдик жана тилектештикке чакыврды» деген кабарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татардын Кипрдеги эгемен теңчиликке негизделген сунуштарынын чоң жаңырык жаратканын белгилеп: «Грек администрациясы Түндүк Кипр, Кипр түрк элине жана өзүмө каршы чоң операция баштаганын көрүүдөбүз»,-деп айтканын баяндаган. Татар: «Менин жарандарымдан күткөнүм - ар кандай чагымчылдыкка жана чагымчыл жаңылыктарга каршы этият жана сергек болуу, биримдигибизди жана тилектештигибизди коргоо. Жаркыраган эртеңки күндөргө бирге барарыбызга күмөн санабайм»,-деди.

«Стар» гезити «Түркия Европа Биримдигинин жыйналышында из калтырды» аттуу маалыматында Европа Биримдигинин (ЕБ) Комиссиянын мүчөсү Оливер Вархелийдин Европа Биримдиги тарабынан Албанияга жөнөтүлгөн жана Тиранада вакциналарды тапшыруу аземинде  премьер-министр Эди Рама менен биргелешкен пресс-конференция учурунда Түрк аба жолдорунун (THY) жүргүнчү учагынын учуп-конуу тилкесинде алдыга жыла баштаганын маалымдаган. Эки лидер THYдин атын кайталап, жылмайышты. Телеканалдар аркылуу түз эфирде тартылган видеолор кыска убакыттын ичинде социалдык тармактарда көп жолу бөлүшүлүп, «Түркиянын Балканга карата тышкы саясатын мындан да жакшы көрсөтүү мүмкүн эмес эле» деген пикирлер айтылды.

«Ватан» гезити «Францияда улуттук футболчу Бурак Йылмазга чоң сыймык» деген кабарында Франциянын 1-Футбол Лигасында (Лига 1) Лилль командасында ойногон улуттук футболчу Бурак Йылмаз командада апрель айынын футболчусу болуп тандалганын жазган. 35 жаштагы чабуулчу апрель айында өткөргөн 4 беттешинде 3 гол киргизген. Бурак Йылмаз Лилль шаарында декабрь айынын футболчусу болуп тандалган. Ушул сезондо Лига 1де 25 оюнда жалпысынан 13 гол киргизген Бурак Йылмаз команданын бомбардири.



Тектеш кабарлар