Түрк басма сөзү  31.03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1611672
Түрк басма сөзү  31.03.2021

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : жергиликтүү вакцинабызды бардык адамзатка сунуштайбыз» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын калкынын баарына жакыны эмдөөдөн өткөн өлкөлөрдүн бар экендигин ал эми миллиарддаган адамдын вакцинанын биринчи дозасын да ала албашы  адамзаттык үчүн тынчсыздантуучу экендигин белгилегенин жазган. Эрдоган : «Жергиликтүү вакцина иштерибиз  аяктаганда вакцинабызды  ылайыктуу шарттарда бардык адамзаттын пайдаланышы үчүн сунуштоонү күтүп жатабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Түркиядан дүйнөгө кабар» деген макаласында президент Эрдогандын жетекчилигинде чогулган Улуттук Коопсуздук Кеңештин жыйынынан кийин билдирүү жарыялангандыгын белгилеген. Билдирүүдө Сириядагы актерлорго адамзаттык кризисти тереңдете турган кыймылдарды токтотууга чакыруу салынды. Түркияга каршы саясаттарын арттырган Греция эл аралык мыйзамга баш ийүүгө чакырылды. Ливия калкына берилген колдоонун улантылары,  Кипр жана Чыгыш Жер Ортолук деңизи үчүн теңдик баса белгиленди.

«Сабах» гезити «Түркияга бир мактоо Жосеф Борреллден келди» деген маалыматында Түркиянын стратегиялык маанисине басым жасаган Германиянын канцлери Ангела Меркель жана башка европалык саясатчылардын кербенине Жосеф Борреллдин да кошулгандыгын маалымдаган. Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Борелль Европа Биримдигинин Түркия менен кызматташуусун өнүктүрүшү керектигин  белгиледи. Түркия менен Бажы Биримдигинен миграцияга чейин орток кызыкчылыктарга басым жасаган Боррелль : «Түркия менен активдүү түрдө иштөөнү улантышыбыз керек»,- деди.

«Ватан» гезити «Түркия айыл   чарба  кирешеси боюнча Европада биринчи, дүйнөдө биринчи ондун ичинде» деген кабарында Түркиянын айыл чарба кирешесинде Европада биринчи, дүйнөдө биринчи ондун ичинде экендигин белгилеген. Жалпы өсүмдүк  продукциясы 9 миллион тоннага өсүү менен 126 миллион тоннага жогорулап, республика тарыхынын рекордуна жетти. Өлкөнүн бодо малдары 2020 – жылы 18, 2 миллионго жогорулап, республика тарыхынын эң жогорку деңгээлине жетти. Кой  - эчки болсо бир жылда 12 пайыздык өсүү менен 54, 1 миллионго жогорулап, акыркы 30 жылдын эң жогорку санына жетти.

«Хабер түрк» гезити «Космостон тартылган Ван көлүнүн фотографиясы жарым финалда» деген маалыматында Американын авиация жана космостук агенттигинин космонавттары тарабынан тартылган онлайн фотограф конкурсунда Ван көлүнүн космостон тартылган фотографиясы 28 фотографияны артта калтыргандыгын билдирген. Көк түстүн түрдүү тондорун камтыган Ван көлүнүн космостон тартылган фотографиясы жарым финалга чыкты.



Тектеш кабарлар