Түрк басма сөзү 25.02.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1590369
Түрк басма сөзү 25.02.2021

«Сабах» гезити «Эрдоган: Биз ар бир тамчы канды эселентип сурап жатабыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Адилеттик жана өнүгүү партиясынын облустук курултайларында жасаган билдирүүсүндө: «Терроризмге каршы күрөшүү жаатында таштаган кадамдарыбыздын оң натыйжаларын көрө баштадык. Террордук уюмга кошулгандардын саны азайды жана террордук уюмдун кыймыл күчү азайганын көрүүдөбүз. Улутубуздун биримдигине, ынтымагына кастык кылган канкорлордон төккөн ар бир тамчы канды эселентип сурап жатабыз»,дегенин баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Moody's Түркиянын өсүш рейтингин  көтөрдү» деген маалыматында Эл аралык насыя рейтинг агенттиги Moody's, Түркиянын 2021-жылга өсүш божомолун 3,5 пайыздан 4 пайызга чейин көтөрсө, 2022-жылга өсүү божомолун 4 пайыздан 5 пайызга көтөргөнүн маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Стамбул аэропорту Эл аралык аэропорттор Кеңешинин климаттык жактан акылдуу аэропортторунун тизмесине кирди» деген кабарында Стамбул аэропорту Аэропорттун көмүртек аккредитациясынын (Airport Carbon Accreditation) чегинде Эл аралык Аэропорттор Кеңеши (ACI) тарабынан чыгарылган Биринчи деңгээлдеги көмүртек чыгаруучу сертификатка ээ болгонун маалымдаган.

«Стар» гезити «Клеопатра пляжы Европанын мыкты пляждарынын тизмесине кирди» аттуу маалыматында 2021-жылдагы эң популярдуу пляждар эл аралык веб-сайтта өткөрүлгөн добуш берүүдө чагылдырылды, анда дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар текшерип, туристтик жайлар жөнүндө ой-пикирлерин бөлүштү. Европанын эң мыкты пляждары тизмесинде Түркиядан Анталиянын Алания районундагы Клеопатра пляжы  орун алды.

«Хабер түрк» гезити «Түркия, россиялык туристтер 2021-жылы эң көп келүүнү каалаган өлкөлөрдүн катарында» аттуу кабарында Россиянын Yandex.Travel компаниясы Россияда болжол менен 10 миң адам менен жүргүзгөн сурамжылоодо жарандардын 68 пайызы башка өлкөлөргө чектөөсүз баруу мүмкүнчүлүгү алардын эс алуу пландарына таасирин тийгизээрин билдиришкен. Катышуучулар Түркияны быйыл эң көп барууну каалаган өлкөлөрдүн катарында көрсөтүштү.



Тектеш кабарлар