Түрк басма сөзү 20.01.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1567224
Түрк басма сөзү 20.01.2021

«Сабах» гезити «Эрдогандан экономика жана мыйзамда реформа тууралуу билдирүүлөр» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ берген билдирүүсүндө экономика жана мыйзамда реформа тууралуу жүргүзүлгөн иштердин акырына келип калгандыгын белгилеп : «Коомчулукка билдирүү этабына келди»,- дегенин жазган.

«Хабер түрк» гезити «Улуттук коргоо министри Эрбилдеги сапарында Синжар жана Махмур каралды» деген маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын кечээ Эрбилде Ирак күрт аймактык башкаруусунун премьер  - министри Месрур Барзани менен Ирак күрт аймактык башкаруусунун мурунку премьер  - министри жана Курдистан демократ партиясынын лидери Месуд Барзани менен өз өзүнчө жолугушкандыгын белгилеген. Жолугушууларда ПКК террордук уюмдун аймактагы кыймылдуулугу жана уюмдун акыркы процессте Махмур жана Синжардагы кыймылдуулугу күн тартибине келди.

«Стар» гезити «Министр Пекжан : 128  өлкөдө 10 525 проектибиз бар» деген макаласында соода министри Рухсар Пекжандын кечээ берген маалыматында Түрк курулуш тармагынын дүйнөнүн 128 өлкөсүндө 418,7 миллиард долларлык 10 525 долбоорунун бар экендигин белгилегенин маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Улуттук фрегат «Стамбул» 23 -  январда деңизге түшөт» деген кабарында улуттук фрегат «Стамбулдун» 23 -  январда деңизге түшүрүлөрүн билдирген. Президенттик коргонуу өнөр жай башкармалыгы тарабынан деңиз күчтөрүнө бериле турган "İ" классындагы фрегаттардын биринчиси «Стамбул» фрегаты өнүккөн абадан коргонуу жана суу үстүндөгү согуш, суу түбүндөгү коргонуу согушу жана күзөт иштерин аткарат.

«Йени шафак» гезити «Стамбул аэропорту Европанын эң көп жүргүнчү тосуп алган аэропорту болду» деген маалыматында Стамбул аэропорту жүргүнчү саны боюнча тизмеде Европанын негизги аэропортторун артта калтырып  алдыга чыкканын жазган. Стамбул аэропорту 23, 4 миллион жүргүнчү саны менен өткөн жылы Европанын эң көп жүргүнчү тосуп алган аэропорту болду.

 



Тектеш кабарлар