Түрк басма сөзү 06.11.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1522854
Түрк басма сөзү 06.11.2020

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : жаратылыш кырсыктарына даяр абалга алып келүү үчүн күнү  - түнү иштөөнү улантабыз» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ берген маалыматында Түркияны жаратылыш кырсыктарына даяр абалга алып келүү үчүн күнү  - түнү иштөөнү улантып жатышкандарын айтканын белгилеген. Измидеги жер титирөөдөн жабыркагандардын бардык муктаждыктарынын кемчиликсиз камсыздалгандыгын белгилеген Эрдоган урандыларды тазалоо иштеринин эң кыска убакытта аяктай тургандыгын жана бир айдын ичинде турак – жайлардын курула баштай тургандыгын айтты.

«Стар» гезити «Чавушоглу Ел  - Сани менен сүйлөштү» деген маалыматында Түркия  - Катар Жогорку Стратегиялык Комитетинин алтынчы жыйынынын тышкы иштер министрлер деңгээлиндеги даярдык жыйынынан улам Анталияга барган Чавушоглу  катарлык кесиптеши Ал Сани менен жолугушканын белгилеген. Жолугушуу тууралуу твиттер эсебинен маалымат берген Чавуштоглу  : «Мыкты деңгээлдеги  карым  - катнаштарыбызды дагы да бекемдей турган кадамдарды карап чыктык. Аймактык жана эл аралык маселелердеги макулдашууларыбызды тактадык»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Албайрак : «Фатих» бургулоочу кемебиз Түркали  - 1 кудугунда изилдөө иштерин баштады» деген макаласында казына жана финансы министри Берат Албайрактын кечээ «Фатих» бургулоочу кемесинин Түркали  - 1 кудугунда изилдөө иштерин баштагандыгы тууралуу соцтармактан «Көптөгөн сапарларың, көптөгөн жеңиштериң болсун! «Фатих» бургулоочу кемебиз Түркали  - 1 кудугунда изилдөө иштерин баштады»,- деп бөлүшкөнүн жазган.

«Сабах» гезити «Стамбул Сабиха Гөкчен аэропорту октябрь айында 1 миллион 898 632  жүргүнчүнү тосуп алды» деген кабарында Стамбул Сабих Гөкчен Эл аралык аэропорту октябрь айында Ковид  - 19  эпидемиясы процессиндеги эң жогорку айлык жүргүнчү санына жеткенин белгилеген. Жүргүнчү саны сентябрь айына караганда 6 пайызга өскөн аэропорт октябрь айында 1 миллион 898 632  кишини тосуп алды.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын биринчи куралдуу инсансыз деңиз унаасы деңизге түшүрүлүүдө»  деген макаласында Түркиянын алгачкы куралдуу инсансыз деңиз унаасынын  (SİDA) декабрь айында деңизге түшүрүлөрүн жазган. Алгачкы SİDAнын улуттук ракета  системаларынын өндүрүүчүсү Рокетсан тарабынан берилген 4 даана Cirit жана 2 даана L-UMTAS ракета системалары менен 2021 -  жылдын биринчи чейрегинде атуу сынактары өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар