Түрк басма сөзү 29.10.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1518001
Түрк басма сөзү 29.10.2020

«Хүррийет» гезити «Бир сөз менен Республика» деген кабарында Түркиянын бардык жеринде бардык үйлөрдө майрам кубанычы жашалып жаткандыгын жазган. Жарандар үйлөрүнүн балкондорунан ай  - жылдыздуу байрактар менен майрамга катышат. Кечинде баары бирдикте эркиндик гимнин аткарышат.

«Сабах» гезити «Республикабызга болгон күчүбүз менен ээ чыгабыз» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын «Жерибизди бөлүп  - жарып, бөлүшүүнү пландагандардын паланын буздук. Республикабыздын куруучу эрки бул мекенди 7 мураскердин планын бузуп баскындан куткарган болсо, биз да максаттарыбызга жетүүдө чечкиндүүбүз»,- деди. Эрдоган : «Республикабызга болгон күчүбүз менен ээ чыгып, күчтүү келечек курабыз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Республикабыздын 97 -  жылы куттуу болсун» деген маалыматында бул жылкы Республика майрамы башка сезимдер менен майрамдалып жатканын белгилеген.  Ковид  - 19  пандемиясынан улам аралыктуу турмуш майрамдык программаларга таасирин тийгизсе да адамдар кубанычтуу. Ататүрк ишенген дарыгерлер Ковид  - 19 менен күрөшүүнү улантууда. Дос жана боордош Азербайжандын Армения кол салууларына каршы күрөшүн Түркия жакындан иликтөөдө. Бул абалдар да кайгыда, кубанчта бир болууну дагы бир жолу эске салууда.

«Ватан» гезити «Республика 97 жашта» деген кабарында Жер Ортолук деңиздин Түркия үчүн маанисине көңүлдөрдү буруу жана аймактын эл аралык таанытылышына салым кошуу үчүн Республиканын 97 жылдыгына атайын Жер Ортолук деңизде 9 жерде, 7 шаарда 97 чумкугуч менен суу астында шоу өткөрүлөт. Бул долбоордун негизинде биринчи болуп Кековада Чоң Республика концерти менен бир убакта чумкуу жана жарыктандыруу шоусу көрсөтүлөт. 29 -  октябрдагы Чоң Республика концерти жана суу астындагы шоу телекөрсөтүү каналдары менен президенттик жана коммуникация башкармалыгынын соцтармактарынан түз эфирден берилет.

«Йени шафак» гезити «29 -  Октябрь кубанычы» деген макаласында билим берүү министрлиги республиканын 97 жашын окуучулар менен бирге Түркия теле – радио мекемеси ТРТ экрандарында белгилей тургандыгын жазган. 29 -  Октябрь Республика майрамынан улам ТРТ аркылуу республиканын тарыхый процессине жана келечегине жарык чача турган программа даярдалды. Программага  “Jazzberry Tunes” аттуу музыкалык группа да катышат. Билим берүү министри Зия Селчук да балдарга : «Ар бир үй мектеп болгон болсо, ар бир бөлмө бир класс... Анда эмесе ар бир терезеден бир байрак желбиресин, майрам башталсын»,- деп чакыруу салды.

 



Тектеш кабарлар