Түрк басма сөзү 22.10.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1513758
Түрк басма сөзү 22.10.2020

Ватан: «Президенттин басма сөз катчысы Калындын Пашиняндын билдирүүсүнө каршы чыгуусу» аттуу маалыматында  Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын Түштүк Кавказга тынчтык жана ырааттуулук Карабах баскынчылыктан бошотулганда гана келерин айтканын жарыялаган. Басма сөз катчысы Твиттердеги аккаунтуна берген билдирүүсүндө, «(Армениянын премьер-министри Никол) Пашиняндын «Карабахта дипломатиялык чечим жок» деген сыпаттамасы Армениянын ниетин ачып берет. Согушту каалагандар айдан ачык. Бул Түркия менен Азербайжандын туура экендигин тастыктап турат»,-деп айтты.

«Сабах» гезити: «TURKSAT 5A космоско учурула турган күн белгилүү болду» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Адил Карайсмайлоглунун TURKSAT 5A спутниги ноябрь айынын аягында космоско жөнөтүлөрүн белгилеп:  «Türksat 5B 2021-жылдын экинчи чейрегинде, биздин биринчи улуттук жана ички байланыш спутнигибиз Türksat 6A, 2022-жылы учурулат»,- деп айтканын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Turkish Cargo эл аралык учуу тармагына 6 дестинацияны кошту» деген маалыматында Turkish Cargo эл аралык учуу тармагына 6 дестинация кошконун маалымдаган.  Компания жүк ташуу ишине Лондон, Бухарест, Бангкок, Сингапур, Бейрут жана Лахорду кошту.

«Стар» гезити  «Түрк окумуштууларынын оозунду чакоо менен аныкталуучу коронавирустук тести» аттуу маалыматында түркиялык илимпоздор коронавирустун (Ковид-19) анализдеринин сезгичтигин 20 эсе жогорулатуучу оозду чайкагыч суюктук менен үлгү алууга мүмкүндүк берген комплект ойлоп табышканын маалымдаган.  Бул ыкмада таякча менен сүртүп үлгү алуунун ордуна оозду чайкаган соң алынган сууну текшерүү жүргүзүлөт.

«Хүррийет» гезити «Варшава кинофестивалынан «Арбактар» тасмасы сыйлык менен кайтып келди» деген кабарында сценарийинин автору жана режиссёру Азра Дениз Окйай, продюсери Дилек Айдын болгон «Арбактар» тасмасы 36-Варшава кинофестивалынан сыйлык алып кайтканын маалымдаган. «Арбактар» ​​Эл аралык Жаш Жазуучулар Уюмунун калыстар тобу тарабынан «Эң мыкты тасма» сыйлыгына татыды.



Тектеш кабарлар