Түрк басма сөзү 18.09.2020

Бүгүн басмадан чыккан гещзиттерден кыскача маалыматтар.

1493025
Түрк басма сөзү 18.09.2020

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган : Бандитизмге баш ийбейбиз» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ «Мамлекеттик Сыймык» медалын тапшыруу аземиндеги сөзүндө Чыгыш Жер ортолук деңизинде болгон чыңалууга токтолуп : «Чыгыш Жер Ортолук деңизинде өлкөбүздүн жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мыйзамдуу укуктарын акырына чейин коргойбуз. Жер Ортолук деңизиндеги эң узун жээк тилкесине ээ болгон өлкөбүздү бирөөлөрдүн жээгибизде камоого алышына уруксат бербейбиз. Түркиянын бандитизмге баш ийбей тургандыгын эми баары билсе керек»,- дегенин билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Президенттиктин катчысы Калын АКШны адилеттүү болууга чакырды» деген макаласында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын Европа тышкы карым  - катнаштар кеңеши аттуу ой мекемесинин «Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги ролу : Кагылышуу коркунучтары жана диалог күтүүсү» аттуу иш – чарада сөз сүйлөгөнүн жазган. Калын Чыгыш Жер ортолук деңизи тууралуу Европа Биримдигинин арачы катары мамиле кылышы керектигин белгилеп : «Биримдиктин кызыкчылыгы бир гана мүчөсүнүн кызыкчылыгы үчүн түшүрүлбөшү керек»,- деди.

«Стар» гезити «Министр Чавушоглу НАТОнун башкы катчысы Столтенберг менен Чыгыш Жер Ортолук деңизи тууралуу сүйлөштү» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен сүйлөшкөндүгүн жазган. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта сүйлөшүүдө Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги абалдарды карап чыгышкандары билдирилди.

«Сабах» гезити «Жергиликтүү учкучсузх аскердик аба унаасы «Аксунгур» бир алгачкыны аткарды» деген кабарында Түрк авиация жана космостук өнөр жайы тарабынан долбоорлонгон жана чыгарылган учкучсуз аба унаасы «Аксунгурдун» биринчи жолу толук ок  - дары көлөмү менен 20 000 фут бийиктикте бир күндөн ашык учканын жазган.

«Йени шафак» гезити «Беш өлкөгө жеңил унаа экспорту жасалды» деп жазган маалыматында  түрк автомобиль тармагы жылдын биринчи 8 айында 5,5 миллиард долларлык экспорт ишке ашырганын, экспорттун жарымынын Франция, Германия, Британия, Италия жана Испанияга жасалганын белгилеген.  



Тектеш кабарлар