Түрк басма сөзү 09.06.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1432253
Түрк басма сөзү 09.06.2020

«Йени шафак» гезити «Эрдоган Грециянын Аясофия тууралуу билдирүүсүнө катуу каршылык көрсөттү» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын кечээ кечинде ТРТ атайын чыгарылышында күн тартиби тууралуу абалдарга баа бергенин жазган.Грециянын Аясофия тууралуу билдирүүсүнө катуу каршылык көрсөткөн Эрдоган : «Аясофияны мечитке айландырбагыла деп жатышат. Түркияны силер башкарып жатасыңарбы, биз башкарып жатабызбы? Өзүңдү иретке сал. Өзүңдү билбесең Түркиянын эмне кылары белгилүү»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Өмер Челик : 128 өлкөдөн 80 000 киши Түркияга алып келинди» деген кабарында президент жана Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде кечээ чогулган АК партиясынын Борбордук Чечим жана Башкаруу Кеңешинен кийин маалыматтарды берген Өмер Челик коронавирус панедемиясынын башынан бери 128 өлкөдөн 80 000 жарандын Түркияга алып келингенин айтканын жазган. Челик 1-июндан тарта өлкө тышында пандемияда каза болгон 558 жарандын 454нүн жаназаларынын да Түркияга алып келингенин билдирди.

«Стар» гезити «Министр Кожа актуалдуу маалыматтарды билдирди» деген маалыматында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын твиттерден Түркиядагы акыркы коронавирус маалыматтары тууралуу : «Бейтап санынын азайышында бет кап жана аралыкты сактоо сыяктуу оңой кыймыл бар. Айыккан киши санында олуттуу өсүү болду. Дем алдыруу аппараттарына муктаждык азайды»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Министр Варанк : 2 000 аппаратты өлкө тышына жибердик» деген кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын Бразилияга 1500дөн ашуун дем алдыруу аппаратынын тапшырылганын айтканын жазган. Варанк : «Ушундайча 2 000 аппаратты өлкө тышына жиберген болдук»,- деди.

«Сабах» гезити «Түркия Ливияда нефть изилдейт» деген жазуусундаэнергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин Түркия нефть акционердик өнөктөштүгүнүн Ливияда нефть изилдөө жана өндүрүү иштери үчүн ураксат алууга кайрылганын белгилеп : «Ливия менен түзүлгөн меморандумдун негизинде 7 уруксат аянтын белгиледик. 3 – 4 айдын ичиндесейсмологиялык изилдөөлөрдү аткарабыз. Бул жерден алынган маалыматтар каралгандан кийин жайгашкан жерин аныктайбыз»,- деди.



 

 

 

 



Тектеш кабарлар