Түрк басма сөзү 04.06.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1429246
Түрк басма сөзү 04.06.2020

«Сабах» гезити «Британиянын мурунку премьер  - министри жардам бергени үчүн Түркияга ыракмат айтты» деген кабарында Британиянын мурунку премьер  - министри Гордон Броун Ковид  - 19  менен күрөшүүнүн негизинде Түркиянын Британияга жиберген медициналык жардамдарына байланыштуу : «Жардам бергени үчүн  түрк калкына ыракмат айткым келет»,- дегенин жазган. Түркиянын  аймагындагы  күчүнө көңүлдөрдү бурган Броун : «Түркия келечекте аймак саясатында жана кенен түрдө Жер Ортолук деңиз саясатында чоң роль ойнойт деп ойлойм»,- деди.

«Стар» гезити «Япониянын белгилүү профессору Канеокдон Түркия тууралуу билдирүү» деген макаласында Япониянын белгилүү профессору Сатоши Канеко Түркиянын пандемия менен күрөшүүдө дүйнөгө берген жардамдарын колдогонун белгиледи. Япон илимпозу Канеко : «Түркия ДСУнун чараларына жана сунуштарына күчтүү колдоо көрсөтүп ийгиликти ортого салды»,- деди. 

«Хабер түрк» гезити «Түркиядан жергиликтүү акча менен соода кыймылы» деген маалыматында 2019 -  жылы Түркиянын 7, 6 миллиард долларлык экспортту 11, 1 миллиард долларлык  импортту жергиликтүү акча менен жасаганын жазган. Максат жергиликтүү акча менен  сооданы дагы да жайылтуу. Кытай менен жергиликтүү акча менен соода жүргүзүү тууралуу сүйлөшкөндөрүн белгилеген соода министри Рухсар Пекжан : «Ансыз да бир swap келишимибиз бар. Дагы да актуалдаштырып, чоңойтуубуз керек. Түштүк Корея, Малайзия, Индия жана Япония менен да жергиликтүү акча менен соода тууралуу сүйлөшүп жатабыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түркия кабарлашуу спутнигин чыгара алган 10 өлкөнүн арасына кирет» деген жазуусунда транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу : «Республикабыздын 100 -  жылында Түркия дүйнөдө кабарлашуу спутнигин чыгара алган 10 өлкөнүн арасында орун алат»,- дегенин белгилеген.

Караисмаилоглу : «Түрксат 5А 2020 -  жылдын акыркы чейрегинде, Түрксат 5Б2021 – жылдын экинчи чейрегинде Түрксат 6А 2022 -  жылы космоско жиберилет»,- деди.

«Ватан» гезити «1 миллион лира сыйлык менен изделип жаткан террорист багынды» деген кабарында Диярбакыр коопсуздук директорлугунун көндүрүү  иштеринин натыйжасында террордон изделгендер тизмесинде 1 миллион лира сыйлык м

енен саргымтыл кызыл тизмеде орун алган ПКК жикчил террордук уюмдун лидерлеринин бирөөсү Хаккариде коопсуздук күчтөрүнө багынганын жазган. Бул жылы бир гана көндүрүү жолу менен багынган террордук уюмдун мүчө саны 82ге жогорулады.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар