Түрк басма сөзү-26.02.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1366720
Түрк басма сөзү-26.02.2020

«Стар» гезити «Эрдоган; Азербайжан менен соода көлөмү максатыбыз 15 миллиард доллар» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжандын борбор шаары Бакуда президент Илхам Алиев менен болгон жолугушуусунда Түркия жана Азербайжандын карым-катнаштарын кеңири карап чыгуу мүмкүнчүлүктөрү болгонун айтканын баяндаган. Азербайжан менен соода көлөмүнүн орто эсеп менен 4,5 миллиард доллар экенин эске салган Эрдоган, бул көлөмдү 2020-жылы 15 миллиард долларга жеткире тургандарын айтты.

«Йени шафак» гезити «Түркия НАТОнун «Dynamic Manta-2020» машыгуусуна из калтырды» аттуу маалыматында НАТОнун деңиздин түбүндө сүзүүчү кемелерге каршы абадагы, суу үстүндөгү жана деңиздин түбүндөгү кызматташтыктарын өнүктүрүп согушка даярдык жагынан билим берүү максаты менен Сицилия аралынын чыгыш жээктеринде өткөргөн «Dynamic Manta-2020» машыгуусу башталганын маалымдаган.Түрк деңиз күчтөрү, НАТО машыгууларына эң көп колдоону көрсөткөн деңиз күчтөрүнүн арасында орун алып, «Dynamic Manta-2020» машыгуусунда күчүн таасирдүү түрдө сездирүүдө.

«Сабах» гезити «Идлибге танк жана пушка өткөрүү уланууда» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сирия чек арасындагы аскердик бөлүктөргө зооттолгон унаа өткөрүүсү тынымсыз уланып жатканын баяндаган. Түркиянын ар башка аймактарынан орто эсеп менен 20 унаалык пушка жана 10 танктан турган аскердик конвой, Сирия чек арасына өткөрүлдү. Аскердик унаа конвою Сирияга кирет жана Идлибдеги байкоочу пункттарына жайгаштырылат. Чек араны көздөй техникаларды ташуу уланат.

«Хүррийет» гезити «Түркия, бор кенинен литий өндүрөт» деген маалыматында дүйнөдөгү бор запастарынын 70 пайызы Түркияда экенин маалымдаган. Бор кенинин курамында литий бар экенин айткан энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин «Электромобилдердин эң орчундуу жери батарейка. Литий батарейкалары да ушул жерде алдыга чыгат. Бор кенинин курамындагы литийди ажыратып колонобуз»,-деди. Министр Дөнмез, жылдын акырына дейре бордон литий өндүрүлүшүн камсыздай турган бир пилот ишкананы курууну пландагандарын белгилеп өттү.

«Хабер түрк» гезити «Түрк аба жолдору Кытай жана Иран каттамдары тууралуу билдирүү жарыялады» деген маалыматында Түрк аба жолдорунун Кытайга жасаган каттамдары 29-февралга чейин токтотулганын жарыялаганын жазган. Иран каттамдары темасында да маалымат берген Түрк аба жолдору, Тегеренга жасалган каттамдардан тышкары бул өлкөдөгү бардык учуу жерлерине болгон каттамдардын 10-мартка дейре жоюлганын жарыялады.



Тектеш кабарлар