Түрк басма сөзү-17.02.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1360881
Түрк басма сөзү-17.02.2020

«Йени шафак» гезити «Эрдоган; Өндүрүш тармагынан рекорддор келе баштады» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Текнопарк-Стамбул 2-Этабынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, «Экономикага ишеним артууда, өндөрүш тармагынан рекорддор келе баштады»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглу; Лавровго Идлибде кол салуунун токтотулушу керектигин айттык» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун 56-Мюнхен Коопсуздук конференциясына катышуу үчүн барган Мюнхенде кечээ орус кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушуусу тууралуу «Идлибде кол салуунун токтотулушу жана эми туруктуу ок атпоонун камсыздалышы керектигин айттык»,дегенин баяндаган.

«Ватан» гезити «Улуттук радар жасап чыгарууда акыркы баскычка жеттик» деген кабарында Түркиянын алгачкы жарандык авиацияда колдонууну максаттаган радар системасы Улуттук байкоо радарында (MGR) акыркы баскычка келингенин жазган. Газиантеп аэропортунда мунара жана радар имаратынын курулушу бүтүп жатканда Улуттук байкоо радары (MGR) тест сыноосунан кийин тейлөөгө киргизиле турганын маалымдаган. Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк: «Улуттук байкоо радарыбыз менен жарандык учактарыбыз дагы коопсуз түрдө учуп конот»,-деди.

«Стар» гезити «Түркия өнөр жай өндүрүшүндөгү өсүү жагынан Европа өлкөлөрүн артка калтырды» деген маалыматында өсүүнүн локомотивдеринен болгон өнөр жай өндүрүшү Европа Биримдигинде (ЕБ) 2019-жылдын декабрь айынан тарта жалдык эсеп менен алганда 3,6 пайызга өссө, Түркия тийиштүү мезгилде өндүрүшүн 8,6 пайызга арттырганын жана көрсөткүчтөрү жарыяланган ЕБ өлкөлөрүнүн бардыгын артка калтырганы маалымдалды.

«Хабер түрк» гезити «Түрк аба жолдору абада көпүрө курду, Латын Америкасына соода көлөмү артты» аттуу маалыматында Түрк аба жолдорунун (THY) Латын америкасы менен Түркиянын ортосунда абада көпүрө курганы өзгөчө соода көлөмүнө дагы чагылышканын жазган. Түркия менен латын Америкасы өлкөлөрүнүн ортосунда соода көлөмү өсүп жатканда Түрк аба жолдору (THY) бул базарда 2019-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 61,5 пайызга өсүү көрсөтүп 35415 тонна жүк жана почта ташуусун ишке ашырды.

 



Тектеш кабарлар