Түрк басма сөзү-13.01.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1339753
Түрк басма сөзү-13.01.2020

«Хүррийет» гезити «Долмабахчеде орчундуу жолугушуу» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтүнүн президенттик кеңешинин төрагасы Файиз Мустафа эс-Саражды Стамбулда кабыл алганын жазган. Президенттиктин Долмабахчедеги кеңсесиндеги жолугушууда Ливия меморандуму жана аскердик кызматташтык темалары каралды.

«Ватан» гезити «Президенттиктин басма сөз катчысы Калындын Ливия тууралуу билдирүүсү» деген маалыматында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын Ливия жана Сириянын Идлиб шаарында ок атпоо камсыздалышынын Түркиянын жүргүзгөн тынчтык дипломатиясынын так натыйжасы болгонун айтканын баяндаган. Катчы Калын, Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө: «Дипломатия бир процессти башкаруу ыкмасы. Максат өлкөбүздүн жана аймагыбыздын тынчтык, коопсуздук, ыраттуулук жана өнүгүсүн камсыздоо болуп саналат»,-деп жазды.

«Йени шафак» гезити «Чавушоглу итальян кесиптеши Майо менен Ливияны сүйлөштү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Италиянын тышкы иштер министри Луижи Ди Майо менен кечээ телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Телефондогу сүйлөшүүдө Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Ливиядагы акыркы абалдар каралды.

«Сабах» гезити «Стамбул аэропортунда уктоочу кабиналар тейлөөсү башталды» деген маалыматында Стамбул аэропортунда чет өлкөдө көп сандаган аэропортто болгон уйку капбиналары ишке ашырыла баштаганын маалымдаган. Стамбул аба жолдорун иштетүүчүсү жүргүнчүнүн ыңгайынын арттырылышына карай тышкы каттамдар терминалына барган жүргүнчү кабатында «İGA Sleepod» аттуу уктоочу капсулалар тейлөөсүн баштады. Капсулалар жүргүнчүлөр тарабынан бир сааты 9 еврого ижарага алынса болот.

«Стар» гезити «Бүткөрүлгөндө Түркиянын эң узун тоннели болот» деген кабарында Гаиантеп-Османийе-Адана ылдам жүрүүчү поезд долбоорунун Торос кырка тоолорунан өткөн 9800 метрдик тоннелинин иштеринин чоң бөлүмү бүткөрүлгөнүн маалымдаган. Түркиянын эң узун эки багыттуу темир жол тоннели 5 саат 20 мүнөттүк поезд жол тартуусун 1,5 саатка түшүрөт.



Тектеш кабарлар