Түрк басма сөзү  10.01.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1338355
Түрк басма сөзү  10.01.2020

 

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : Ливияга аскер жиберүү тууралуу артка кадам таштоо жок» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Түркиянын Ливияга аскер жиберүүсү тууралуу улут катары, бир эл, бир байрак, бир мекен, бир мамлекет урааны менен күрөшүп жаткандыгын айтканын жазган. «Бул ыйык күрөштөн да жеңиш менен чыгабыз»,- деген Эрдоган : «Артта калган ар бир тоскоолдук бизди дагы да күчтөндүрдү. Жеңишке жетишкенген чейин биз үчүн токтоо, артка кадам таштоо жок. Кайда болушубуз керек болсо болобуз, ким менен бетме  - бет келе турган болсок эч качан тартынбайбыз»,- деди.

«Ватан» гезити «Түркия Ирактын чет элдик күчтөрдүн согуш аянты болушун каалабайт» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Ирактын борбор шаары Багдатта тышкы иштер министри Мухаммед Али ел  - Хеким менен биргелешкен пресс  - жыйын өткөргөндүгүн жазган. Чавушоглу берген маалыматында : «Бул сапарда бергибиз келген кабар Ирак жалгыз эмес, бул кыйын күндөрдү ашып өтүү үчүн бирдикте иштейбиз. Биз, Ирактын чет элдик күчтөрдүн согуш аянты болушун каалабайбыз»,- деди.

«Хүррйиет» гезити «Түрк экономикасы 2019 -  жылы күтүлгөндөн дагы жогорку кирешелүүлүктү көрсөттү» деген кабарында казына жана финансы министри Берат Албайрактын Түркиянын 2019 -  жылды экономика жактан каралганда күтүлгөндөн дагы жогору кирешелүүлүк менен жапкандыгын айтканын билдирген. Албайрак ортого салынган саясаттардын саясында эл аралык мекемелердин күтүүлөрүнүн бир тобунун терсине оң бир жылды артта калтыргандыгын айтты жана : «2020 -  жылга дагы да күчтүү кадамдар менен кирип жатабыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Измирде 250 миллион тонна көмр запасы аныкталды» деген маалыматында жүргүзүлгөн иликтөөдө  250 миллион тоннага жакын көмүрдүн бар экендиги аныкталып, көмүрдүн жылдык орточо 5 миллион тонна өндүрүлүшү менен  40 жылда чыгарылышы пландалууда. Бир канча айдын ичинде шахтадан көмүр чыгарыла баштайт.

«Стар» гезити «Түркия Австралияда 10 миңге жакын төөнүн атып жок кылынары тууралуу кабар боюнча тынчсызданууда» деген кабарында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик Австралияда түрдүү себептер менен ашыкча көбөйгөндүгү жана суу маселесине жол ачты деген негиз менен 10 миңге жакын төөнүн жок кылынары тууралуу кабардын тынчсыздандыргандыгын белгилегенин жазган. Австралия өкмөтүн түрдүү чечүүчү жолдорду табууга чакырган Челик : «Өрттөн улам канчалаган киши каза болду, жаныбарлар менен өсүмдүктөр жок болду. Буга төөлөрдү да жок кылууну кошуу абдан жаңылыш болот»,- деди.



Тектеш кабарлар