Түрк басма сөзү-09.01.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскачва маалыматтар.

1337846
Түрк басма сөзү-09.01.2020

«Сабах» гезити «Түрк агымынын ачылыш аземинде Эрдоган жана Путинден билдирүүлөр» аттуу маалыматында «Түрк агымынын» ачылыш аземи үчүн кечээ Стамбулга келген Орусиянын президенти Владимир Путин менен президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулда эки жолу жолугушуу өткөргөнүн жазган. Жолугушуудан кийин тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана орус кесиптеши Сергей Лавров маалымат жыйын өткөрдү. Чавушоглу: « Президент Эрдоган жана Орусиянын президенти Путин 12-январдын түн ортосунда саат 00:00дө Ливияда ок атпоонун камсыздалышы үчүн чакырык салууда»,-деди. Лавров да Эрдоган жана Путиндин Перс булуңунда күчөгөн чыңалууга тынчтыкчыл жолдор менен чечүүчү жол табылышы боюнча макулдашкандарын маалымдады.

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандан Путинге күтүлбөгөн белек» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын  «Түрк агымы» жараталыш газ куурунун ачылышы үчүн Стамбулга келген Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен өткөргөн жолугушуусунда Коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган «Чыгыш Жер Ортолук деңиз теңдемесинде стратегиялык кадам; «Түркия-Ливия меморандуму» аттуу китебин белек кылганын жазды. Англисче жана түркчө даярдалган китеп, «Чыгыш Жер Ортолук деңиздин геополитикалык мааниси», «Чыгыш Жер Ортолук деңиздин көмүр-суутеги (углеводород) потенциалы», «Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз темасындагы позициясы», «Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу ЕБ, ТКРБ (Түштүк Кипр) жана Грециянын мамилеси» жана «Түркия-Ливия меморандуму» бөлүмдөрүнөн турат.

«Хабер түрк» гезити «Министр Чавушоглу Жевад Зариф менен сүйлөштү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн маалымдаган.  Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда министр Чавушоглунун ирандык кесиптеши Зариф менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө аймактагы абалдар каралды.

«Йени шафак» гезити «ПККга Кандилде оор сокку урулду» деген маалыматында террордук уюм ПККнын эң жогорку аялдар түзүмү ПАЖКтын жалган башкаруучусу «Делал Нурхак» каймана аттуу Эсме Эрат жана айдоочусу Улуттук чалгындоо уюму (MİT) жана Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан биргелешкен операциясында жок кылынганын маалымдаган.

«Стар» гезити «Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк; Эми кезек улуттук ылдам жүрүүчү поездде» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын темир жол транспорт системаларында ийгилик аңгемесин жаза тургандарын белгилеп, «Өндүрүлгөн локомотивдер менен бул тармакта чет өлкөгө көз карандылык жоюлду, эми кезек ылдам жүрүүчү поезд чыгарууга келди», дегенин баяндаган. Варанк 2023-жылы улуттук ылдам жүрүүчү поезддин алгачкы пртотибинин темир жолдо болуусун максаттагандарын кошумчалады.



Тектеш кабарлар