Түрк басма сөзү-08.01.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1337055
Түрк басма сөзү-08.01.2020

«Хабер түрк» гезити «Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калындын билдирүүлөрү» аттуу маалыматында Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калындын Түркиянын Ливиядагы алдыңкы масатынын ок атышууларды токтотуу экенин айтканын баяндаган. Ибрахим Калын кечээ кабинет жыйыны уланып жатканда маалымат берип, «Ливияда биздин алдыңкы максатыбыз калыгышуулардын тез арада токтошу, ок атышпоо жарыяланышы жана Хафтер тарабынын апрель айындагы позициясына кайтышы»,-деди.

«Ватан» гезити «Түркия чек арасына 31 миң киши көчтү» аттуу маалыматында Сирияда Асад режими, Орусия жана Иран колдогон топтордун Идлибдеги кол салууларынын себебинен дагы 31 миң жарандын Түркия чек арасына көчкөнүн жазган. Ушундайча ноябрь айынын башынан бери режим жана Орусиянын кол салууларынан Сирия-Түркия чек ара сызыгына жакын жердеги аймактарга качкандардын саны 359 миң 471 кишиге жетти.

«Стар» гезити «АКШлык террорист депортацияланды» деген маалыматында АКШ улутундагы бир террорист өлкөсүнө депортацияланганын жазган. Ички иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, чет өлкөлүк террористтерди өлкөлөрүнө тапшыруу иштери уланып жаткандыгы белгиленди. Ушул алкакта АКШ улутундагы бир террористтин өлкөсүнө жөнөтүлгөндүгү кабарланды.

«Хүриийет» гезити «Министр Турхан; Аба жолун колдонгон жүргүнчү саны 209 миллиондон ашты» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Жахит Турхандын Түркиядагы жалпы аэропорттордо өткөн жылы түздөн-түз транзит жүргүнчүлөр менен бирге 209 миллион 92 миң 548 жүргүнчү тейленгенин жарыялаганын баяндаган. Турхан аты аталган мезгилде аэропортордо жүк, почта жана багаж транспорту да ички каттамдарда 819 миң 540 тонна, тышкы каттамдарда 2 миллион 616 миң 883 тонна болуп бардыгы 3 миллион 436 миң 423 тоннага жеткенин белгилеп кетти.

«Сабах» гезити «Түркия өткөн жылы эң көп Италияга фындык сатты» деген кабарында дүйнөлүк фындык өндүрүшү жана базарынын чоң бөлүгүн колунда кармаган Түркиянын 2019-жылы эң көп фындыкты Италияга сатканын маалымдаган. Түркия өткөн жылы 121 өлкөгө 319 миң 772 тонна фындык экспорттоп, андан 2 миллиард 28 миллион 727 миң доллардык киреше тапты. Италияга болсо 547 миллион 588 миң доллар баасындагы 83 миң 898 тонна фындык сатылды.



Тектеш кабарлар