Түрк басма сөзү 18.12.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1325321
Түрк басма сөзү 18.12.2019

 

«Йени шафак» гезити: «Түркия дүйнөдөгү алдыңкы өлкө» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган, Швейцарияда өткөрүлгөн Дүйнөлүк качкындар форумундагы сөз сүйлөөсүндө: «БУУнун көрсөткүчтөрүнө караганда дүйнөдө эң көп качкынды Түркия багып жатат. Ушул учурга чейин 3 миллион 700 миң сириялык менен бирге жалпы 5 миллионго жакын өз үйүнөн ажырагандарды кабыл алдык. Бүгүнкү күндө дүйнөдө 260 миллионго жакын качкын бар. Түркия гуманитардык жардамдарда дүйнөдө алдыңкы өлкө болуп саналат»,-дегенин жазган.

«Ватан» гезити: «АКШлык генерал өз өлкөсүнө топ тепти» деген маалыматында АКШнын мурунку Европа күчтөрү командири Бен Ходжес, Вашингтон жетекчилигинин Сирия саясатын сынга алып: «ЙПГ террордук уюм ПККнын уландысы болуп саналат. Буларды бөлүү аракети ишендирүүчү болгон эмес. Кыска мөөнөттүү, тактикалык кызыкчылыктарыбыз үчүн ДЕАШка каршы күрөшүүдө таасирдүү болгондору үчүн бул уюмга колдоо көрсөтүүнү чечтик. Биз үчүн негизи андан дагы маанилүү болгон Түркия менен стратегиялык карым-катнаштарыбызга зыян келтиргенине карабастан муну жасадык»,-дегенин билдирген.

«Сабах» гезити: «Түрк инженерлери иштеп чыкты! Түрк куралдуу күчтөрүнө күч кошот» деген кабарында коопсуздук күчтөрү колдонгон улуттук технологияларга куралдуу дрон «Сонгар» менен дагы бир жаңысы кошулгандыгын кабарлаган. Улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган 8 «Сонгар» куралдуу дрон, алгач ирет Түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарына кошулат.

«Стар» гезити: «Алгачкы улуттук ракета космоско быйылкы жайда учурулат» аттуу маалыматында Коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын карамагында курулган Delta V космостук технологиялар ишканасы, эки жылдан бери үстүндө иштеп жаткан алгачкы улуттук космостук ракетаны алдыдагы жай айында космоско учура турганын билдирген.

«Хүррийет» гезити: «Түркиянын жылдызы «Анадолу», орбитасындагы планета «Гөктүрк» болду» деген кабарында Эл аралык астрономия биримдигинин 100 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында дүйнөнүн жалпысында башталган акцияларда Түркияга берилген «WASP-52» шифрдүү жылдызга «Анадолу», ал эми орбитасындагы планетага болсо «Гөктүрк» ысымы берилгенин билдирген.

 



Тектеш кабарлар