Түрк басма сөзү 17.12.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1324580
Түрк басма сөзү 17.12.2019

«Стар» гезити «Эрдоган: Биз Европада үй ээсибиз» деген макаласында президент Эрдогандын Швейцарияда миграциянын 50  жылдыгын белгилөө аземинде сүйлөгөн сөзүндө : «Биз өткөн күндө болгондой бүгүн да Европада үй ээсибиз»,- дегенин жазган. Керек болсо Швейцарияда, керек болсо Европанын башка өлкөлөрүндө жашаган түрктөрдү көпүрө катары көрүшкөндөрүн белгилеген Эрдоган Европадагы түрк коомунун саясат, соода, билим берүү, социалдык турмуш жана жарандык коомдогу ийгиликтери менен сыймыктангандарын айтты.

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : ПКК тарыхынын эң оор соккуларын алып жатат» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын жикчил террордук уюм ПККнын тарыхынын эң оор соккусун алып жаткандыгын белгилегенин билдирген. Эрдоган : «Акыркы 3 жылдын ичинде ишке ашырган үч операция менен түштүк чек арабызга куруууга аракет кылынган террор коридорун жок кылдык жана Сирияны жеринин бүтүндүгүн кепилдикке ала турган орчундуу кадамды таштадык»,- деди.

«Сабах» гезити «Ливия менен аскердик кызматташтык келишими кабыл алынды» деген маалыматында Түркия  - Ливиянын ортосунда коопсуздук жана аскердик кызматташуу меморандумунун бекитилишине байланыштуу мыйзам сунушу Түркия Улуттук Парламентинин тышкы иштер комиссиясында кабыл алынганын жазган. Комиссиянын массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн  жыйынында мыйзам сунушу каралды. Жыйында Түркия менен Ливия мамлекетинин Улуттук ынтымактык  өкмөтүнүн ортосунда Коопсуздук жана аскердик кызматташтык меморандумунун бекитилишинин ылайыктуу экендигине байланыштуу мыйзам сунушу 4 саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынды.

«Йени шафак» гезити «Түрк куралдуу күчтөрү : Ливиядан чакыруу келген сыяктуу даярбыз» деген кабарында Ливияда куралдуу группа Хафтер күчтөрүнүн кол салууларына дуушар болгон Улуттук ынтымактык өкмөтүнө аскер жиберүү сунушун билдирген Түркия чакыруу келген сыяктуу даярдыктарды баштагандыгын жазган. Өкмөт түрк куралдуу күчтөрүнөн аскер жиберүү үчүн керектүү кеме жана учактар тууралуу иштердин башталышын суранды.

«Хүррйиет» гезити «Памуккаленин толуу катнашы 90 пайызга жакындады» деген кабарында Түркиянын эң негизги тарыхый эс алуу жерлеринин бири болгон Памуккаледе  жаңы жылдын жакындашы менен өткөн жылдарда болгондой бул жылы да туристтердин кызыккан жери болгондугун билдирген. Жаңы жылга саналуу күндөр калып, травертиндери менен  дүйнөгө белгилүү бейиш Денизлиде Памуккаледеги мейманканалардын толуу катнашынын 90 пайызга баргандыгы белгиленди. Жаңы жыл эс алуусунун жуманын ичине туш келиши менен мейманканаларга чет элдик туристтер дагы көп кызыгуу көрсөттү.



Тектеш кабарлар