Түрк басма сөзү-16.12.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1324169
Түрк басма сөзү-16.12.2019

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган; Батыштын кылган кыргындарын коомдук пикирге жарыялайбыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган АКШда индеецтерге (кызылдерили) кыргын салуунун АКШнын жүзүндөгү кара так болгонун айтканын баяндаган. Бир телеканалдагы программада сөз сүйлөгөн Эрдоган, француздардын Руандада, Алжирде кылган кыргындары, Сенегалда кул соодасын кылгандарын жөн таштап коюунун мүмкүн болбой турганын белгилеп өттү. Бул кыргындар тууралуу колдорунда документтер бар экенин баса белгилеген Эрдоган: «Булардын бардыгын дүйнөлүк коомдук пикирге жарыялайбыз. Батыштын жикчилдик жана колониалисттик тарыхы болгонун ортого салабыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Чавушоглу; Ливия аскер талап кылса буга баа беребиз» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Ливия менен эки макулдашуу меморандумуна кол коюлганын, булардан бирөөнүн «Деңиздеги ыйгарым укук аянттарына чек коюу», экинчисинин «Аскердик кызматташтык келишиминин жаңыланган абалынын» кайрадан кол коюлушу экенин белгилегенин жазган. Ливия менен аскердик жана коопсуздук келишимдеринин өтмүштө да болгонун эске салган Чавушоглу, Ливия аскер талап кылса буга баа бере тургандарын жарыялады.

«Хүррийет» гезити «Министр Акар; АКШдан F-35 ала албасак, башка жолдорду карайбыз» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Түркиянын Орусиядан С-400 абадан коргонуу системасын алгандан кийин АКШ тарабынан F-35 согуштук учактар долбоорунан чыгартылышына сереп салганын жазган. Акар, АКШ Патриотторду бербей койгондо Түркия бул муктаждыкты кантип Орусиядан камсыздаган болсо, ошондой эле түрдө согуштук учактарына болгон муктаждыгын дагы башка жолдор менен жое турганын белгилеп өттү.

«Ватан» гезити «Түркиядан Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу удаама-удаа орчундуу иш-аракеттер» аттуу маалыматында Чыгыш Жер Ортолук деңизде энергетика бөлүшүүсү тууралуу чыңалуу күчөгөн ушул мезгилде Түркиядан удаама-удаа иш-аракеттер болуп жатканын жазган. Бургулоо жана согуштук кемелерин аймакка жөнөткөн, Ливия менен деңиз чек араларын белгилеген Түркия, эми болсо ТКТРда учкучсуз учуучу учактар үчүн база курууда. ТКТРдагы Гечиткале аба майданынын Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги көзөмөлдөөчү жери болот.

«Стар» гезити «Түштүк кореялык фирмалар Түркияга инвестиция салууну каалашат» аттуу маалыматында Түштүк Кореянын Стамулдагы башкы консулу Жесси Чончжу Яндын Түркиянын Азия жана Европанын ортосунда көпүрө болгону үчүн Түштүк Кореянын ири фирмаларынын Түркияга инвестиция салууну каалагандарын айтканын маалымдаган. Ян, Түштүк Кореядан Түркияга келген турист санынын күн өткөн сайын артканын белгилеп, өткөн жылда 160 миң кореялык туристтин Түркияга келгенин, бул сандын быйыл 200 миңден ашышы күтүлгөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар