Түрк басма сөзү-18.11.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1308332
Түрк басма сөзү-18.11.2019

«Стар» гезити «Эл Бабда бомбалуу унаа менен 18 кишини кыргынга учураткан террорист Улуттук чалгындоо уюмунун ийгиликтүү операциясы менен кармалды» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министрлигинин Сириянын түндүгүндөгү Эл Бабда бомбалуу унаа менен 18 жаранды кыргынга учураткан эң аз 30 кишини жаралаган терррордук уюм ПКК/ЙПГнын мүчөсү террористтин Улуттук чалгындоо уюмунун операциясы менен кармалганын маалымдаганын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Чет элдиктер өз тилдеринде Түркияны түшүндүрдү» аттуу маалыматында Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган «Түркияда жашаган чет элдиктер» кино ролигинде 7 чет элдик өз тилдеринде Түркияны түшүндүргөнүн жазган. Көп жылдар мурда Түркияда жашоону тандаган 7 чет элдиктин Түркияны түшүндүргөн «Түркияда жашаган чет элдиктер» фильминде Европа менен АКШ баш болгон дүйнө жүзүндө социалдык медиа желеси жана санариптик платформаларда таанытылат жана жарыяланат. Чет элдиктерге суралган «Түркия дегенде эсиңе түшкөн алгачкы 3 сөз эмне?» суроосунун жообун камтыган кино роликте, өлкөнүн ар башка шаарларындагы тарыхый, маданий жана  табигый жерлеринен көрүнүштөргө орун берилген.

«Хабер түрк» гезити «Түркия фындыктан 10 айда орто эсеп менен 1,6 миллиард доллар тапты» деген маалыматында Түркия 1-январь-31-октябрдын аралыгында 100дөн ашык өлкөгө 251 миң 293 тонна фындык экспорттогонун маалымдаган.  Бул экспорттон 1 миллиард 578 миллион доллар тапкан Түркия, бул мезгилде эң көп фындыкты Италияга сатты.

«Сабах» гезити «Стамбул аэропорту 2 эл аралык аэропорт менен келишим түздү» аттуу маалыматында Стамбул аэропортунун Кытай Эл Республикасы жана Түштүк Кореянын эл аралык аэропорттору менен келишимге кол койгонун жазган. Түркия менен Түштүк Корея жана Кытай Эл Республикасынын ортосунда авиация жаатында маалымат көпүрөсүнүн курулуусу максатында кол коюлган келишимдер, Стамбул аэропорту менен аты аталган аэропорттордун ортосунда эки тараптуу тассирдүү байланыш, маалымат бөлүшүү, кызматкер алмашуу билим берүүсү жана биргелешип соодалоо иш аракеттерин камтыйт.

«Хүррийет» гезити «Таркан 11 жылдан кийин Венада» аттуу маалыматында Эстрада жылдызы Таркан, Австриянын борбор калаасы Венада концерт койгонун жазган. Таркандын Европа турнесинин алкагында Винер Штадтхалледе койгон концертке музыка сүйүүчүлөр чоң кызыгуу көрсөтүштү.Көп жылдар өткөн соң Венадагы күйөрмандары менен жолуккан Таркан, эң акыркы жолу 11 жыл мурда келгенин, Венадагы концерттери абдан жакшы өткөнүн айтты.

 



Тектеш кабарлар