Түрк басма сөзү-30.09.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1279040
Түрк басма сөзү-30.09.2019

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Өзүбүздүн согуштук учагыбызга жете турган убакыт жакын» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын F-35 согуштук учактар темасында АКШ менен болгон маселелерге токтолуп Түркиянын жергиликтүү өндүрүшкө басымдуу орун бергенин баяндады. Эрдоган: «Корветтерибизди кантип өзүбүз курган болсок, «Атак» тик учаарыбызды кантип өзүбүз курган болсок, куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттарыбызды, спутниктерибизди кантип өзүбүз жасап чыгарып учурган болсок өз согуштук учагыбызды дагы чыгарабыз. Убакыт ага жакын»»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркиянын жаңы улуттук согуштук кемеси Кыналыада» аттуу маалыматында Түркиянын жаңы улуттук согуштук кемеси Кыналыаданын президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан азем менен Деңиз күчтөрү командирлигине тапшырылганын жазган. Төртүнчү жана акыркы арал классындагы кемеси болгон Кыналыада кемесинде дүйнөнүн эң мыкты деп көрсөткөн жергиликтүү жана улуттук «Шумкар» рекатасы жана Хавелсан тарабынан өнүктүрүлгөн Нетвөрк колдоочусу болгон согушту башкаруу системасы «Адвент» алгач ирет колдонулаарын маалымдаган.

«Стар» гезити «Түркия саламаттык сактоо тармагында үлгүлүү өлкө» аттуу маалыматында Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму качкындардын саламаттык абалы тууралуу жарыялаган отчетунда Түркияга мактоону жаадырганын баяндаган. 13 миңден ашуун документти иликтеп даярдалган отчетто Түркиянын 4 миллион качкынга тең жана сапаттуу тейлөөнү көрсөткөнү белгиленген. Европада болсо бөлүүчүлүккө дуушар болгон баш калкалоочулар саламаттык сактоо тейлөөлөрүнө толук жете алышпайт.

«Хүррийет гезити «Босфор Саммитине 90 өлкөдөн 3 миң катышуучу» аттуу маалыматында быйыл 10-жолду уюштурулуп жаткан жана президенттиктин карамагындагы 26-28-ноябрда боло рурган Босфор саммити рекорддук катышуучуларды күтүп жатканын баяндаган. Саммитти уюштурган Эл аралык Кызматташтык платформасынын (UİP) куруучусу Женгиз Өзгенжил, барган бардык өлкөлөрдө Түркияга карата чоң кызыгуу көргөндөрүн жана Түркиянын кайрадан инвесторлордун радарына киргенин кеп кылды. Январь айынан бери 20дан ашуун өлкөдө жолугушууларды ишке ашыргандарын айткан Өзгенжил: «Өткөргөн жолугушууларыызда чет өлкөдө Түркияга болгон кызыгуунун кайрадан жанданганын так түрдө көрдүк»,-деди.

«Сатр» гезити «Европалык турист Стамбулду толтурду» деген маалыматында европалык жана япон туристтердин Стамбулга кайра кайтышы менен август айында мейманканалар 90 пайызга толгонун маалымдаган. Бул өсүүгө өзгөчө Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнө карай учак каттамдарынын көбөйтүлүшү таасирдүү болду. Акыркы айларда Индия, Жапония жана Кытайдан туристтер көп келүүдө.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын 2023-жыл үчүн туризм стратегиясы жарыяланды; 75 миллион турист максатталууда» деген маалыматында туризм секторунун өкүлдөрү Түркиянын 2023-жылга карай 75 миллион турист максатына багыт алганын жазган. Акдениз туристтик отелчилер жана иштетүүчүлөр биримдигинин (AKTOB) башчысы Эркан Йагжы: «2023-жылы 75 миллион турист максаты, Түркия жагынан абдан чынчыл жана жетилсе боло турган максат. Биздин дагы ушул багытта тыгыз иштерибиз бар»,-деди. Йагжы, белгилүү стратегиялардын алкагында өзгөчө таанытуу тармагында улантыла турган иштерде бул максатка жете тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар