Түрк басма сөзү  24.09.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1275207
Түрк басма сөзү  24.09.2019

«Хүррийет» гезити «Ф  - 16лар Сирияда учту» деген кабарында улуттук коргоо министрлигинин Табигый чечкиндүүлүк кыймылынын негизинде аба күчтөрү командирлигине таандык эки Ф  - 16нын кечээ саат 10: 00 – 12:00 арасында Сирия аба аянтынан учканын билдиргендигин жазган.

«Сабах» гезити «Министр Пакдемирли Кытайга сүт экспорту үчүн келишим түздүк» деген маалыматында айыл  - чарба жана токой чарбачылыгы министри Бекир Пакдемирли Кытайга сүт экспорттоо максатында Ветеринардык саламаттык сертификаты менен келишим түзүшкөндөрүн айтканын билдирген. Кечээ Эл аралык сүт федерациясы тарабынан Стамбулда өткөрүлгөн «Эл аралык сүт федерациясынын дүйнөлүк сүт саммитинде» сөз сүйлөгөн Пакдемирли Түркиянын Жакынкы Чыгыш экспортун Ыраакы Чыгыш базарына да жайылтууну максат кылгандыгын билдирди.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдорунун жаңы учагынын аты белгилүү болду» аттуу макаласында түрк аба жолдору флотуна кошкон Airbus A321 NEO моделиндеги учакка «Сиврихисар» деген ат берилгендигин маалымдаган. Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчиси Яхя Үстүн социалдык медиадан жаңы учактын өткөрүлүп алынгандыгын жарыялады.

«Стар» гезити «Стамбул аэропорту Польшаны шыктандырды» деген кабарында Польшанын инфраструктура министринин орун басары Николай Вильд Варшава жакындарында курула турган Борбордук аэропорт үчүн Стамбул аэропортун мамлекеттик жана менчик сектор өнөктөштүгү жана финансылык жактан терең иликтешкендерин айтканын жазган. Николай Вильд : «Стамбул аэропортунун финансылык түзүлүшү бизге шык берип жатат. Стамбулдагы долбоордо  орун алган фирмалар менен кызматташууну да карап жатабыз»,- деди.

«Хабер Түрк» гезити «АКШлык ырчы Делла Милес Мевлананын күмбөзүн зыярат кылды» деген кабарында Кония облустук маданият жана туризм директорлугунун чакыруусу менен 16 -  Эл аралык Кония мистикалык музыка фестивалына катышуу үчүн Конияга келген АКШлык белгилүү ырчы Делла Милес Мевлана Желаледдин  -  и Руминин күмбөзүн зыярат кылганын билдирген. Түркияга жайгашкандан кийин исламиетти кабыл алып мусулман болгон Милеске Мевлана маданият борборунда өткөрүлгөн фестивалдын акырында белек тапшырылды.

 

 



Тектеш кабарлар