Түрк басма сөзү  11.07.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1234015
Түрк басма сөзү  11.07.2019

«Йени шафак» гезити «Тышкы иштер министрлигинен АКШнын С  - 400 тууралуу билдирүүсүнө жооп» деген кабарында тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Морган Ортагустун Түркиянын С  - 400дөрдү алуусу тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу : «АКШны дипломатиялык жана диалогду четке кагуу менен карым  - катнаштарга зыянын тийгизе турган жаңылыш кадам таштоодон алыс турууга чакырабыз»,- деп билдиргенин жазган.

«Стар» гезити «Министр Мевлүт Чавушоглунан Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу билдирүү» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги кемелер тууралуу кечээ берген маалыматта : «Түркиянын эгемендик укугу. Эч кимдин бир сөз айтууга акысы жок. Континент аянтында эмне кылышы керектигине Түркия чечим чыгарат. Эл аралык мыйзамга ылайык кадам таштап жатабыз. Бургулоо иштерибизди улантабыз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Стамбул аэропортунда 3 -  аянт даярдыктары жүргүзүлүүдө» деген макаласында 2020 -  жылдын экинчи жарымында тейлөөгө ачылышы пландалган 3 -  көз карандысыз аянт менен Стамбул аэропорту ушунча сандагы аянт менен көз карандысыз параллель операция аткара ала турган Түркияда биринчи, Европада Амстердамдан кийинки экинчи аэропорт болгондугун жазган. Жаңы аянттын ачылышы менен аба жолу көлөмү саатына 80 учак учуп  - конуу санынан 120га чыгат жана аянттын бүткөрүлүшү менен бирге азыркы такси мөөнөтү да 50 пайызга азаят.

«Сабах» гезити "Flying Fox Түркияга келди" деген кабарында дүйнөнүн эң узун яхталарынын арасында орун алган "Flying Fox" Мугланын Мармарис районуна келгендигин белгилеген. Датчадан Түркияга кирген "Flying Fox" яхтасынын Орусиянын эң бай ишкерлеринен Дмитрий Каменщик менен Орусия, Британия, Франция жана Украинадан конокторду кыдырткандыгын жазган.

«Хүррийет» гезити «Анадолу Ефеске Европа лигасынан сыйлык» деген маалыматында Анадолу Ефес баскетбол клубу Европада мыкты маркетинг кылган командалар белгиленген «Европа лигасынын Devotion маркетинг сыйлыктарынын» негизинде күмүш  сыйлыгынын ээси болгондугун билдирди. Анадолу Ефес клубунан берилген маалыматка караганда түрк аба жолдорунун Европа лигасынан 16 жана УЛЕБ Европа кубогунан 24 болуп жалпы 40 команданын маркетинг иштери каралган иликтөөнүн акырында Анадолу Ефес күмүш сыйлыгын алды. Иликтөөнүн жыйынтыгында алтын сыйлыкка Литванын Залгирис, коло сыйлыкка болсо Германиянын Бавария Мюнхен командалары ылайык көрүлдү.



Тектеш кабарлар