Түрк басма сөзү  09.0.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1232652
Түрк басма сөзү  09.0.2019

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : С  - 400дөр учакка жүктөлүүдө» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Босния Герцеговинага жасаган сапарынан мурда Стамбулда берген маалыматында С  - 400дөр тууралуу буларды айткандыгын жазган : «Азыркы учурда жолго чыгуу даярдыктары улантылууда. Жүктөө итшери жүргүзүлүүдө. Жайгаштыруу пландары, кай жерге жайгашары бул теманын жоопкерчилиги улуттук коргоо министрлиги менен башкы штабдын төрагалыгында. Өлкөбүз үчүн, дүйнөбүз үчүн эң жакшысы болушун каалайбыз».

«Сабах» гезити «Эрдоган социалдык медиада 15 -  Июлга басым жасады» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган 15 -  Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнүнө карата  президенттиктин коммуникация башкармалыгынын негизинде жүргүзүлө турган иш чараларда колдонуу үчүн даярдалган жаңы 15 -  Июль логотибин твиттерде профил сүрөтү катары колдонгондугун жазган.

 «Стар» гезити «Түрк тасмалары Америка тасмаларына караганда дагы жылуу» деген маалыматында «12  Пунто ТРТ сценарий күндөрүнүн» көз карандысыз жюрисинде орун алуу үчүн Стамбулга келген, Оскар сыйлыктарын берген кино өнөрү жана билимдери академиясынын төрагасы Жон Бейли : «Түрк тасмалары абдан жакты. Америка тасмаларынан башка. Тасмаларда сезимталдуулук атмосферасы бар»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Арапапышты каньону суктандырууда» деген кабарында Айдын облусунун Боздоган районундагы Арапапышты каньону жергиликтүү жана чет элдик туристтер тандаган жер болгондугун жазган. Айдын, Денизли жана Мугла облустарынын ортосундагы Арапапышты  каньону дүйнөнүн 8 -  керемети деп аталат. 2017 -  жылы апрель айында туризмге ачылып, турларды баштаган Кемер суу сакагычында орун алган каньонду күн сайын орточо 2 миң киши  келип көрүүдө.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдорунун «Мачка» учагы Шейит Эрен Бүлбүлдүн элесине Трабзонго учту» деген макаласында Түрк аба жолдору флотуна кошкон Боинг 787 – 9 Dreamliner моделиндеги «Мачка» аттуу учак биринчи каттамын  ПКК жикчил террордук уюм тарабынан 16 жашында шейит болгон Эрен Бүлбүлдүн элесине Стамбул  - Трабзон арасында аткаргандыгын жазган.



Тектеш кабарлар