Түрк басма сөзү-08.07.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1232184
Түрк басма сөзү-08.07.2019

«Йени шафак» гезити «Улуттук чалгындоо уюму менен Түрк куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен операциясы; ПККнын жогорку рангадагы ысымы жок кылынды» аттуу маалыматында жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын жалган башчылык жана башкаруу кеңешинин мүчөсү Дияр Гарип Мухаммеддин Улуттук чалгындоо уюму (МИТ) жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) биргелешкен операциялары менен жок кылынганы маалымдалды. Операция ПККнын жалган башкы штабы орун алган Кандилде алгач ирет жогорку рангадагы ПКК мүчөсүнүн жок кылынышы менен көңүлдү бурду.

«Стар» гезити «Түркиянын жергиликтүү дары-дармек секириги» аттуу маалыматында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын, «Дары-дармекти өзүбүз чыгаруу катнашыбыз 48 пайыз, мындайча айтканда тышка көз карандылыгыбыз 52 пайыз. Алдыбыздагы мезгилде дары-дармек, медициналык аппарат жана вакциналарда жергиликтүүлүктү арттырган жана тышка көз карандылыкты күн өткөн сайын азайткан стратегия жана иш-аракетте болобуз жана бул темада абдан чечкиндүүбүз»,дегенин баяндаган.

«Сабах» гезити «Явуз кемеси бургулоо үчүн күн санай баштады» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин «Явуз» бургулоо кемесин өткөн аптада Гебзеден узаткандарын белгилеп, «Учурда кеменин Мерсиндин Ташужунда айрым камсыздоолору жана акыркы текшерүүлөрү ишке ашырылууда. Буюрса бир жуманын ичинде Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түндүк Кипр Түрк Республикасынан алган уруксат аймагында, Карпазда Явуз кемесинин алгачкы бургулоосун баштаган болобуз»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Стамбул аэропорттору 6 айда 48 миллион жүргүнчүнү тейледи» деген кабарында дүйнөнүн эң маанилүү авиация борборлорунун арасында орун алган Стамбулдагы аэропортторунда үстүбүздөгү жылдын алты айлык мезгилинде 337 миң 218 ички жана тышкы каттамдары менен жалпы 48 миллион 763 миң 184 жүргүнчү саякат кылганын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Түркия кургатылган абрикос өндүрүү жана экспортоодо алдыда» деген маалыматында Талаа жана токой чарба министрлигинин талаа чарба изилдөөлөрү жана саясаттары башкы директору (TAGEM) Өзкан Каяжандын Түркиянын дүйнөлүк абрикос өндүрүүнүн 63 пайызын камсыздаганын белгилеп, «Түркия, кургатылган абрикос өндүрүү жана экспортоодо алдыңкы өлкө»,дегенин баяндаган.



Тектеш кабарлар