Түрк басма сөзү-03.07.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалысматтар.

1229437
Түрк басма сөзү-03.07.2019

«Стар» гезити «Эрдоган Кытайда Си Цзиньпин менен жолукту» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Кытай Эл Республикасына барганын маалымдаган. Мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушуусунун алдында кыскача маалымат берген Эрдоган: «Миңдеген жылдык карым  - катнаштарга ээ, Жибек Жолу аркылуу бири-бири менен байланышкан, байыркы цивилизациялар боюнча курулган Түркия  - Кытай кызматташуусунун күчтөндүрүлүшү үчүн потенциалдын чоң экендигине ишенемин. Бир Кытай саясаты Түркия үчүн стратегиялык мааниде»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Тышкы иштер министрлигинен БУУга ПКК боюнча катуу эскертүү; катуу айыптайбыз» аттуу маалыматында Түркия БУУнун террордук уюм ПКК/ПЙД/ЙПГнын карамагындагы СДКга командирлик кылган жикчил террор уюму ПККнын мүчөсү «Ферхад Абди Шахин» менен мүчөлөрүнүн маалыматынан тышкары жолугуп «Иш-аракет планына» кол коюусун БУУнун атынан абдан чуулгандуу абал деп мүнөздөдү жана катуу айыптаганын маалымдады.

«Сабах» гезити «Түркиядан Асад режимине Идлиб эскертүүсү» аттуу маалыматында Түркиянын БУУнун Женева кеңсеси багытындагы туруктуу өкүлү Садык Арсландын Сириянын Идлиб шаарындагы байкоочу пунктуна карай кол салуу тууралуу, «Түркия режим көзөмөлүндөгү аймактардан Түркиянын (Идлибдеги) байкоочу пункттарынын бутага алынышына жооп кайтаруудан тайсалдабайт», деген эскертүүсүн айтканын жазган.

«Ватан» гезити «Министр Пекжандан экспорт маалыматы» деген кабарында соода министри Рухсар Пекжандын экспорттун жылдын алгачкы 6 айында 88,2 миллиард долларга жетип «Республика тарыхынын рекорду багындырылды»,-деп айтканын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Ачылыш Фарфордогу Кайрылуусу менен жасалды» деген маалыматында Стамбулдагы Түрк жана Ислам чыгармалары музейинин Этнография бөлүмүнүн рестоврациясы бүткөрүлгөнүн баяндаган. Маданият жана туризм министри Нури Эрсой дагы катышкан ачылыш аземинде Англиядан кайтарылышы камсыздалган 16-кылымга таандык «Фарфор Кайрылуунун» таантылышы жасалды.



Тектеш кабарлар