Түрк басма сөзү-18.06.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1220560
Түрк басма сөзү-18.06.2019

«Сабах» гезити «Түркия жана Грециянын Коргоо министрликтеринин делегацияларынын ортосунда экинчи жолугушуунун күнү белгиленди» деген маалыматында Түркия жана Грециянын Коргоо министрликтеринин делегацияларынын Эгей деңизинде кызматташтыкты өнүктүрүү максатында ишке ашырылган жолугушуулардын экинчисин Анкарада жүзөгө ашыра турганын маалымдаган. Улуттук коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында: «Түркия жана Грециянын Коргоо министрликтеринин делегацияларынын ортосунда Ишеним арттыруучу чаралар баш болгон Эгей деңизинде кызматташтыкты өнүктүрүү максаты менен ишке ашырылган жолугушуулардын экинчиси 2019-жылдын 17-21-июнь күндөрүнүн аралыгында Анкарада жүзөгө ашырылат»,делди.

«Хүррийет» гезити «Улуттук согуштук учак алгач ирет Парижде таанытылды» аттуу маалыматында Түрк авиация жана космос өнөр жайы акционердик коомунун (TUSAŞ) улуттук согуштук учагынын өзүндөй моделин алгач ирет Париж Авиация жарманкесинде көргөзмөгө койгонун маалымдаган. Быйыл 53-өткөрүлгөн дүйнөнүн эң чоң авиация жана космостук жарманкелеринен Париж Авиация жарманкесинде сөз сүйлөгөн TUSAŞтын башкы директору Темел Котил: «Улуттук согуштук учакты алгач ирет Парижде тааныттык. Бул Европанын эң мыкты согуштук учагы болот»,-деди.

«Стар» гезити «АКШда өткөрүлгөн спутник жарышында биринчилик жана экинчилик Түркияныкы» аттуу маалыматында Американын Астроноимия коомчулугу(AAS) жана Американын Улуттук авиация жана космостук штабынын (NASA) кызматташтыгы менен өткөрүлгөн дүйнөнүн эң престиждүү модель спутник жарышы  CanSat та түрк университеттери ийгиликтүү түрдө алдыңкы планга чыкканын жазган. Техаста уюштурулган жарышта 40 команданын арасынан Стамбул техникалык университетинин «Апис» командасы эң алдыңкылардан болуп чемпиондукка жетишсе, Зонгулдактагы «Бүлент Эжевит» атындагы университеттин Гризу-263 космос командасы болсо экинчиликти багындырды.

«Хабер түрк» гезити «Европага «Черибашы» алчасын экспорттоо» деген маалыматында Эдирненин Энез районунда өндүрүлгөн жана бүгүнкү күндөрдө түшүмү жыйнала баштаган «Черибашы» алчасы Германия, Франция жана Нидерландия баш болгон бир топ Европа өлкөсүнө экспорттолуп жатканын жазган. Талынан чогултулган алчалар кутуларга коюлгандан кийин фирмалар аркылуу Европа өлкөлөрүнө жөнөтүлүшү үчүн жүк ташуучу унааларга жүктөлүүдө. Жыйналган алчадан быйыл 400 тонна түшүм күтүлүүдө.

«Йени шафак» гезити «Стамбул Опера фестивалы башталууда» деген кабарында Эл аралык Стамбул Опера фестивалы 2-июлда искусство сүйүүчүлөрдүн назарына сунуштала баштай турганын маалымдаган. Быйыл 10 жылдыгын белгилей турган фестиваль 14-июлга дейре уланат. Фестивалга эки гала концерти менен Орусиянын «Большой» театры алгач ирет катышат.



Тектеш кабарлар