Түрк басма сөзү-17.05.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1219718
Түрк басма сөзү-17.05.2019

«Йени шафак» гезити «Эрдоган; Түркия аймактык эмес, дүйнөлүк актер» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Азияда абдан маанилүү күч тең салмактуулугу түзүлгөнүн билдиргенин маалымдаган. Эрдоган, оюн куруучулардын арасында орун алыш үчүн, аймактын эмес бүткүл дүйнөнүн оюн куруучусу деңгээлинде болуш керектигине токтолду. Түркиянын да аймагында жана дүйнөдө күчтүү, таасирдүү актер абалына келгенин белгилеген Эрдоган: «Бул жерден артка кетенчиктөө мүмкүн эмес»,-деди.

«Сатр» гезити «Эрдогандын С-400 маалымдоосу дүйнөлүк басма сөздө кеңири жаңырык жаратты» деген маалыматында АКШнын Орусия менен Түркиянын ортосундагы С-400 абадан коргонуу системалары келишимин бузууга карай шантаждары күчөп баратканда президент Режеп Таййип Эрдогандын «С-400 абадан коргонуу системасы июль айынын биринчи жарымында Түркияга тапшырылат» деген билдирүүсү дүйнөлүк басма сөздө кеңири жаңырык тапканын маалымдаган.  Борбору Лондондогу эл аралык маалымат агенттиги Рейтерс, Times of Israel, The Jerusalem Post (Израиль), борбору Катардагы эл аралык берүү мекемеси Ал-Жазира, Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттиги ТАСС, France24 (Франция), Ирандын мамлекеттик телеканалы Пресс ТВ, Грециянын Катимерини сыяктуу эл аралык бир топ медиа мекемеси Эрдогандын так мамилесин окурмандары менен бөлүштү.

«Сабах» гезити «Эрдоган; Франциянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде сөз сүйлөө укугу жок» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын, «Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңизде иштерин токтотушу керек» деген Франциянын президенти Эммануэль Макронго катуу каршылык көрсөткөнүн жазган. Франциянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде сөз сүйлөө укугу болбогонун белгилеген Эрдоган: «Франция Чыгыш Жер Ортолук деңиз менен жээктешпи? Урматтуу Макрон бул иштерде үйрөнчүк окшойт. Дагы деле көнө элек, көнгүчөктү да көп убакыт өтөт»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Министр Курум Чоң жыйырмалыкта (G20) «Түркияга инвестиция салууга» чакырды» аттуу маалыматында экология жана шаар пландоо министри Мурат Курумдун Япониянын Нагано шаарынын Каруидзава кыштагында өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын (G20)  Экология жана энергетика министрлеринин жыйналышында сөз сүйлөгөнүн баяндаган. Министр Курум, бул жердеги сөзүндө чет элдик инвесторлорду инвестиция мүмкүнчүлүгү жагынан артыкчылыктуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган Түркияга инвестиция салууга чакырды.

«Хүррийет» гезити «Түркия, канаттуулардын этин экспорттоодо жогорку тизмеде» аттуу маалыматында тооктун этинен пайдалануу дүйнөдө ылдам көбөйүп баратканын маалымдаган. Канаттуулардын этин экспорттоо секторунда дүйнөдө Түркиянын жалпы 40 миллиард доллардык соода көлөмү бар. Түркиянын бул жерден алган үлүшү быйылтан баштап 1 миллиард доллар болот. Түркия 2019-жылдын январь айынан турта орто эсеп менен 266 миллион доллардык экспортту ишке ашырды. Жумурткада болсо орто эсеп менен 154 миллион доллардык экспортту ишке ашырды. Түркиянын канаттуулардын этин экспорттоо жаатында эң чоң базарды болсо Япония ээлеген. Түркия ошол эле убакта Кытайга 80 миллион доллардык тооктун бутун экспорттоду.



Тектеш кабарлар