Түрк басма сөзү 29.05.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1210379
Түрк басма сөзү 29.05.2019

 

«Сабах» гезити «Эрдогандан «Стамбулдун багындырылышына» карата билдирүү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Стамбулдун каратылышынын 566 жылдыгынан улам билдирүү жарыялап куттуктаганын жазган. Стамбулдун 1453-жылы каратылышынын бир доорду жаап экинчи доорду ачканына басым жасаган Эрдоган, багындыруунун социалдык жана маданий аракеттердин негизинде дүйнө тарыхынын агымын өзгөрткөнүн жана тарыхтын эң көрүнүктүү жеңиштеринен бири болгонун белгилеп өттү. Эрдоган: «Фатих Султан Мехметтин кечиримдүү жана адилеттүү башкаруусу менен Стамбул, ар башка ишенич жана маданияттар жанаша жашаган борборго айланган»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Түрк куралдуу күчтөрүнүн террористтерге каршы кеңири масштабдуу операциясы» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагына жикчил террордук уюм ПККга мүчө террористтер уя салган аймактарга карай операция башталганын маалымдаган. Кургактык күчтөрү замбирекчи батареялары жана Аба күчтөрүнө караштуу реактивдердин атуулары менен башталган операцияга десанттык бригадалар да кошулду. «Чеңгел» (Пенче) операциясы Хакурк аймагында террордук уюм тарабынан колдонулган үңкүр жана баш калкалоочу жайлардын талкалынышын жана террористтердин жок кылынышын максаттайт.

«Йени шафак» гезити «Хакуркка жүргүзүлгөн «чеңгел» операциясы Кандилге чейин созула алат» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагына кургактык жана абадан баштаган операциясы уланып жатканын жазган. Терроризм жана коопсуздук боюнча адис Абдуллах Агар, атайын машыктырылган десанттар катышкан бул операциянын ишке ашыруу күчүн караганыбызда «узак мөөнөтүү» боло ала турганынын белгисин берди. Агар: «Бул операция бир гана террористтерди жок кылуу түшүнүгүн бербейт. Абдан маанилүү мезгилде өтө маанилүү аймакта «аянтка үстөмдүк кылышыңыз» түшүнүгүн берет. «Чеңгел» операциясынын Кандилге созулбашы үчүн себеп жок»,-деди.

«Ватан» гезити «Кытайдан Түркияга инвестициялар улантылат» деген кабарында Түркия менен Кытайдын ортосунда саясий карым-катнаштардын өнүгүүсүнө параллель түрдө Кытайдан Түркияга инвестициялар ылдам көбөйүп жатканын баяндаган. Энергетика, инфраструктура, банкчылык сыяктуу тармактарда Түркияга инвестицияларын токтотпой уланткан жана жаңы инвестициялар тууралуу изилдөөлөрдү жасаган Кытайдан Түркияга инвестицияны улантуу белгиси келди. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинде Кытай жана Түркия карым-катнаштары боюнча жооптуу башкы директордун орун басары Цянь Миньцзян барган сайын дагы көп кытайлык фирманын Түркияга инвестиция салганын маалымдады.

«Хүррийет» гезити «Түркиядагы эң чоң 500 өнөр жай мекемеси белгилүү болду» деген маалыматында Стамбул Өнөр жай палатасы «Түркиянын 500 эң ири өнөр жай мекемесине багытталган изилдөөсүнүн» 2018-жылдагы жыйынтыктарын жарыялаганын билдирген. Буга караганда Түркиянын мунай зат тазалоочу ишканасы ТҮПРАШ, өндүрүүдөн сатууларга чейин 79 миллиард лира менен Түркиянын эң ири өнөр жай мекемеси болду. Автомобиль өндүрүүчүсү Форд 31 миллиард лира менен экинчи, Тойота болсо 23,6 миллиард лира менен үчүнчү орунду алды.



Тектеш кабарлар