Түрк басма сөзү-27.05.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1208670
Түрк басма сөзү-27.05.2019

«Сабах» гезити «Министр Варанк жергиликтүү автомобилдер тууралуу кеңири маалымат берди» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын жергиликтүү электрдүү автомобилдин 2022-жылы сатууга чыгарылышынын пландалганын маалымдаганын баяндаган. Министр Варанк, баа жагынан дүйнөлүк маркалар менен жарыша алган жана бир заряддаганда 500 чакырым аралыкка жете алган унааны өнүктүрүп жаткандарын маалымдады.

«Хабер түрк» гезити «Туризмде майрам кыймылдуулугу» аттуу маалыматында Анталья жана Мугладагы бир топ эс алуу жайында толтуралык катнашы Рамазан Айт майрамы эс алуусунан улам 100 пайызга жеткенин жазган. Чет элдик туристтер да тыгыз катышкан Батыш Жер Ортолук деңиз жана Түштүк Эгейде майрам эс алуусу үчүн брондоолордун көпчүлүгү бүткөрүлдү. Деңизи, куму, тарыхый түзүлүшү жана табигый кооздуктары менен көңүлдү бурган жана дүйнөгө таанымал көк желектүү пляждарга ээ болгон аймакта, бир топ эс алуу жайларында толтуралык катнашы 100 пайызга жакындады.

«Хүррийет» гезити «Сүмела монастырынын ачылышы туризмчилерди жылмайтты» деген маалыматында Трабзондун Мачка районунун Алтындере коктусунда орун алган Сүмела монастырынын биринчи короого чейинки бөлүмү маданият жана туризм министри Надир Алпасландын катышуусунда мурдагы күнү азем менен ачылганын жазган. Рестоврация иштеринин себебинен 2015-жылдын 22-сентябрынан тарта 3,5 жылдан ашык убакыттан бери туристтер кире албаган Сүмела монастырынын ачылышы туризмчилерди жана аймак калкын кубандырды.

«Йени шафак» гезити «Кытайда Түркияга чоң кызыгуу болууда» деген маалыматында Кытайдын борбор шаары Пекинде дүйнөгө таанымал эл аралык жарманкелерден бири болгон, «21-Багбанчылык/Ботаника ЭКСПОдо жасалган таанытуулар Түркияга дагы көп кытайлык туристтин келүүсүнүн жолун ачканын баяндаган. Күнүгө 100 миң киши кыдырган жарманкенин жылдыз өлкөсү болсо эң көп кыдырылган катышуучу өлкөлөрдөн бири болушунун себебинен Түркия болду.

«Стар» гезити «Евфрат калканы аймагына факультет ачылууда» деген маалыматында Газиантеп университетинин «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциялары менен террордук уюмдардан тазаланган Сириянын түндүгүндөгү коопсуз аймакка факультет ачаарын маалымдаган. Газиантеп университетинин ректору проф.д-р.Али Гүл, факультеттин бакалавриатка чейинки жана бакалавриат билим берүүсүн Газиантеп университети катары милдеттенгендерин билдирип, аймактын билим берүү жаатында күнүгө дагы жакшырганын айтты.



Тектеш кабарлар